Депутатты колдоо уюмун Каракол шаарындагы “Демократиянын тандоосу” аттуу коомдук бирикме уюштурду. Алардын айтымында, Мелис Эшимкановду мандатынан ажыратуу үчүн кол топтоо аракети демократиянын моралдык жана укуктук нормаларына жооп бербейт. Парламенттик трибунадан ачуу чындыкты айткан оппозиция лидерлеринин бирине болгон мындай кысым эл арасында социалдык чыңалууну пайда кылууда. “Демократияны колдоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Догдурбай Мусабеков эгер Октябрь райондук акимчилиги Асанбай шайлоо округундагы шайлоочулардын кол топтоосун токтотпосо Бишкекте депутатты колдоо максатында жөө жүрүш болорун билдирди.(RN)