Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

САМОЛЕТ ТЕРРОРЧУСУ ДЕЗЕРТИР БОЛУП ЧЫКТЫ


Кечээ Тиранадан Стамбулга учуп бараткан самолетту басып алган террорчу түркиялык дезертир болуп чыкты. Италиянын бийликтери эми аны Анкарага өткөрүп бериши мүмкүн. Азыр ал полицияда сурак берүүдө.

Террорчунун аты Хакан Экинжи, улуту түрк экени аныкталды. Жыйырма сегиз жашта дешет.Түркиялык бийликтер ырастаган маалыматтарга ылайык, быйыл майда Экинжи аскерий кызмат өтөп жаткан бөлүктөн качып, жашырынып Албанияга өтүп кеткен. Жергиликтүү бийликтер ага саясий баш калка берүүдөн баш тартып, кечээки самолетко салып, Түркияга кайтарган экен.

Стамбулдун шаар башчысы ырастагандай, Экинжи өз мекенине келер замат аэропортто кармалып, камалмак. Мурда да жалган документтерди жасаганы, алдамчылык кылганы жана башка кыйшындуу иштери үчүн түрмөдө отуруп чыккан.

Мындан тышкары Экинжи исламдан чыгып, христиан динине өткөнүн да Стамбулдун шаар башчысы тастыктады. Экинжи Рим папасына кат жазып, мусулман армиясында кызмат кылгысы келбей турганын, христиан катары аны ушул иштен куткарып калууну өтүнгөн.

Террорчу кечээ өзү басып алган учак Италиянын Бриндизи шаарына келип конгон соң жергиликтүү полициянын колуна түшүп берди жана өзүнүн арыз-датын Рим папасына жеткирүүнү өтүндү.

Эске сала кетели: кечээ Тирана-Стамбул каттамын аткарган самолет Албаниянын борборунан учуп чыгып, Грециянын аба майданына киргенде учакты террорчулар басып алганы тууралуу жердеги кызматтар маалымат алышкан. Самолет багытын өзгөртүп, акыры Италиянын Бриндизи шаарына конгонго аргасыз болгон. Террорчу самолеттун бортундагы бардык жүргүнчүлөрдү бошотуп, атүгүл аларды түз жолдон калтырып, кошумча түйшүккө салганы үчүн кечирим да сураган. Өзү болсо полициянын колуна түшүп берген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG