Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:04

ЖАЛАЛАБАТТЫН ПАХТА ЗАВОДУНДА ЧЫР ЧЫКТЫ


7-октябрда Жалалбаттагы пахта заводунун жумушчулары менен алардын жактоочулары ишкана алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар ишкананы каттаган Жалалабат шаардык мэриясынын чечимин бузган соттордун бүтүмүн жокко чыгарган Жогорку сотко нааразы болушууда. Жума күнү кечинде ишкананын мурдагы ээлери заводдун күзөтчүлөрү менен жумушчуларын кууп чыгышкан. Жаңжалдын айынан бир нече адам токмок жеген. Айрымдар окуяны оппозициядан да көрүп жатышат.

Пахта заводу экс-президент А.Акаевдин мүлк-байлыгынын тизмесинде болгон. Ишкананы былтыр ыңкылапчылар басып алганда, облустук прокуратуранын өтүнүчү менен Жалалабаттагы райондор аралык жана Ош облусундагы арбитраждык соттор заводду «Кыргызпахта» акционердик коому деп каттаган шаар мэриясынын чечимин жокко чыгарган. Бирок, акционердик коом ээлеринин арызына ылайык Жогорку сот 19-сентябрда ал чечимди бузган.

Жума күнү күүгүм маалда "Кыргызпахтанын" ээлерибиз деп эсептегендер 40тай алагүү адамдардын коштоосунда келип, күзөтчүлөр менен жумушчуларды кууп чыгышкан. Ортодо чыр чыгып, 5-6 адамга муштум тийген. Токмок жегендердин бири Расул Матаев буларды билдирди:

- Бул жерге келип кагазды көргөздү. Мен бул чечимиңерди билбейм, эмне үчүн түнү келесиңер десем, түртүп, сүйрөп баштады. Мен өзүмдү жоготуп койдум.

Ишкананын азыркы башчысы Ибрагим Кадыров:

- Жогорку соттун чечиминде "Кыргызпахтага" заводду берсин деп жазылган эмес. Бул ликвидация болсун деп белгиленген. Заводду ликвидация кылалы, келгиле бирге иштешели, деп биз өзүбүз чакырганбыз. Ибраимжанов жана Рысбек дегендер биригип кече университеттин студенттерин алып келип акча берип, арак куюп берген.

Шаардык ички иштер бөлүмү коомдук тартипти сактоо үчүн заводго милиционерлерди жайгаштырып, ишкана алдына өзгөчө отряддын жоокерлерин жайгаштырды. Анткени, 7-октябрда эртең менен жол тосулуп, жумушчулар заводдун эски ээлерине жан тарткандарды куугунтукка алышкан. Милиция башчысынын орунбасары Марат Хажиматов чогулгандар алдында буларды айтты:

- Силер жолду тосуп алганыңардан биз милиция кызматкерлерин койдук бул жерге. Алар бул жерде тынчтыкты гана сакташат, силер менен урушпайт.

Заводдун жумушчулары түнү менен жана ишемби күнү да ишкана алдында соттун чечимине нааразы болуп турушту. Сот кандай чечим кабыл алса да, Жалил Жакыпов ишкананы башкага бербейбиз, дейт:

- Заводду алганга чейин бул жерде турабыз, буларга да, башкага да бербейбиз, канга кан, жанга жан деп койду эл.

Облустагы ыңкылапты коргоо комитетинин координатору Акрам Сатиев окуяга оппозициянын тиешеси бардыгын болжоп, ишке президенттин кийлигишүүсүн өтүндү:

- Бул иштин башында оппозиция турат. Анткени булар 2-ноябрга даярданып атат. Өткөндө 17синде өткөрөбүз деп, Текебаев баңгизатын алып барган. Биздин оппозициянын катарына органдар аралашып калган. Пахта заводу элдики, Жалалабатка президент келип чечип берсин маселени.

Шаар тургуну Мураталы Үчкемпировдун оюнда сот чечимине баш ийүү зарыл:

- Сот чыгарган чечимге эки тарап тең макул болбой жатышат. Эгерде мындай боло бере турган болсо, анда бизде стабилдүүлүк болбойт. Бул жерде эки тараптын материалдык кызыкчылыгы бар. Бул жерде эки тарап оппозициянын ишине карабастан деле уруша бериши мүмкүн, - деди ал оппозициянын бул окуяда катышы жок экендигин билдирип.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG