Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

ПУТИНДИН УЧУРУНДА ОРУСИЯДА 13 ЖУРНАЛИСТ ӨЛТҮРҮЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн ишемби күнү Маскөөдө атактуу журналист Анна Политковская өлтүрүлгөнү тууралуу ар башка пикирлер айтылууда. "Журналисттерди коргоо комитети" жарыялаган маалыматка караганда, президент Путин бийликке келгенден бери Орусияда 13 журналист киши колдуу болуп өлдү.

Орус президенти Политковскаянын өлтүрүлүшү тууралуу эки күн өткөндөн кийин гана алгачкы жолу сүйлөп, 9-октябрда АКШ президенти Жорж Буш менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө кылмышкерлерди табууга бардык аракет көрүлөт деп убада берди. 10-октябрда ал Дрезден шаарына келип, немис канцлери Ангела Меркель менен жолукканда дагы Политковскаянын өлтүрүлүшүн жийиркеничтүү кылмыш деп атады: "Ал кылмышты ким жасаса дагы, ага ал эмне себептен барса дагы, кылмыш өз катаалдыгы менен өтө жийиркеничтүү экенин айтууга тийишпиз жана ал жазасыз калбаш керек", - деди Путин.

Анткен менен айрым орусиялык журналисттер жана байкоочулар Политковскаянын өлүмүнө кыйыр түрдө болсо дагы президент Путин жооптуу деп билдирүүдө. Былтыр бир нече өлкөдө Политковскаянын "Путиндин Россиясы" деген китеби чыккан, журналист анда орус президентин "калпычы, расист жана бетпак адам" деп атаган жана китеп Орусияда басып чагырыла элек. Айрым башка эксперттердин пикиринде, кимдир бирөө, мүмкүн чечендер, Политковскаянын өлүмүн президентке белек кылып тартуулаган болуш керек, анткени 7-октябрда Путин туулган күнүн белгилеген.

Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Журналисттерди коргоо комитети" жакында атайын тизме жарыялап, Путиндин башкаруучулугу алдында Орусияда өлтүрүлгөн журналисттердин ысымдарын атады. Комитеттин жетекчилеринин бири Аби Райттын айтымында, Орусия - журналисттердин иши үчүн дүйнөдөгү эң коркунучтуу өлкөлөрдүн бири:

"Акыркы 15 жылда журналисттер эң көп курман болгон өлкө - Ирак, экинчи орунда Алжир турат, бирок бул мамлекеттерде согуш жүрүп жатат. Орусиянын өзүнүн айтымында болсо, өлкөдө согуш жок, бирок бийликке Путин келгенден бери 13 журналист киши колдуу болуп өлдү", - дейт Аби Райт.

Политковская Маскөөдө чыгуучу "Новая газетанын" кабарчысы болчу, бул гезит чындыкты жазып, өкмөттү катуу сынга алган басылма катары белгилүү. 2003-жылдын 3-июлунда дал ушул гезиттин башкы редакторунун орун басары, Мамлекеттик думанын депутаты Юрий Щекочихин каза болду. Гезит журналисттеринин айтымында, ага кимдир бирөө уу берген, анткени Щекочихин - чалгындоо кызматтарынын аракеттерин жана коррупцияны иликтеп жүргөн жана атайын доклад даярдап жаткан.

2000-жылдын 16-июлунда ушул эле гезиттин кабарчысы Игорь Домниковду белгисиз адамдар үйүнүн жанында балка менен ургулап жатып өлтүрүп салышкан. 2000-жылдын 26-июлунда "Азаттыктын" Тажик кызматынын Маскөөдөгү кабарчысы Искендер Хатлонини белгисиз адамдар өз үйүндө балта менен чаап салышкан. 2004-жылдын 9-июлунда атактуу америкалык журналист Пол Хлебниковду Маскөөдө атып кетишкен.

Андан тышкары Смоленск, Тольятти, Свердловск, Мурманск жана Чеченстанда - дагы сегиз журналист адам колдуу болуп өлдү, бирок бир дагы кылмыш иши аягына чыгарылган жок жана эч ким жазалана элек.

XS
SM
MD
LG