Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

ӨМҮРБЕК АБДРАКМАНОВ: “БИЗДИН МАКСАТ ПРЕЗИДЕНТТИ КЕТИРҮҮ ЭМЕС”


Реформа үчүн” кыймылы келаткан айдын башында Бишкекте мөөнөтсүз митинг өткөрүүгө даярдык көрүп аткан чак. Кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү, саясатчы Өмүрбек Абдыракманов Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун өткөндө “Азаттыкка” берген маегин курулай сөз катары бааларын айтты. Анын пикиринде, мамлекеттик катчы оппозициялык күчтөр менен буга чейин деле оңдуу сүйлөшө элек болчу, эми деле сүйлөшүүгө күчү жете албасы бышык деп айтып чыкты.

-“Азаттыкка” берген маегинде мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров оппозиция үчүн маңдай-тескей олтуруп сүйлөшкөнгө бийликтин даяр экендигин айтты. Эми сиздер тараптан буга кандай кадамдар болушу мүмкүн?

- Мамлекеттик катчы асмандан түшө калгансып сүйлөп жатканын кара. Бул киши депутат болом деп чуркап жүргөндө биз аябай колдоо көргөздүк эле. Эми бийликке отургандан кийин теңирден тескери кетип, адамдар менен сүйлөшпөй, жетинчи кабаттан түшпөй, анан кийин биз даярбыз дейт. Мына былтыр канча жолу митингдер болду. Бир жолу сүйлөшүп койдубу. Аксыга барганда элдин алдында уят болуп, учурашканга жараган жок. Биз эмне үчүн мамлекеттик катчыны ал жерге койдук эле. Коомчулук менен бийликтин ортосун бириктирсин. Идеологиялык саясатын туура жүргүзсүн. Бийлик менен элдин карама-каршылыгын жумшартсын деп койгонбуз.

-Оппозиция менен сүйлөшүүгө даярбыз деген сөзү калп экен да?

- Бул баягы эле Акаевден үйрөнгөн нерсе. Мына телевизордон чыгабыз түз эле дейт. Элден мурда сүйлөшөт, канча киши болот, форматы кандай болот, эмне жөнүндө сүйлөшөбүз, белден ылдый согушабызбы же эреже менен жыйынтыкка келебизби деп сүйлөшөт да.

-Ал киши форматын айтсын, мейли канча болот, бүт тизмесин берсе, керек болсо айылдан аксакалдарды чакырса биз даярбыз деп айтты эле?

- Ошол аксакалдарын өзү чакырсын. Бул жерде эки тарап болуп жаткандыктан эки тарап олтуруш керек. Талаптар айтылып жатат. Ошону айтыш керек муну жасай алабыз, мунусун жасай албайбыз деп. Форум өткөрдүк. Бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болсун деп. Эмне үчүн аны мамлекеттик катчы өткөрбөйт. Мага эмне кызмат берди беле же мага дайындады беле. Мурун дагы Конституциялык реформаны биз уюшурганбыз. Аттуу баштуу адамдарды чогултуп, Конституциябызды тез бүтүрүп алалы деп. Эмне үчүн мамлекеттик катчы уюштурбайт.

Мугалимдер, ректорлор менен сүйлөгөн сөзүн угуңуз. “Кыргыздарга демократиянын кереги жок. Баарын биз дайындайбыз”. Ал инибиз большевиктик аң-сезим менен калып калган окшойт.

-Чындыгында сиздердин колуңуздарда бардыгы бар, байлык бар, акыл бар. Мына бүгүнкү бийликтин мүмкүн жетпей жаткан кемтигин сиздер толтураар белеңиздер деп ойлоп кетет да. Ушундай пикирлер да бар. Бийлик сиздерди тартса тигил же бул кызматка. Барат белеңиздер?


- Мен 58 жашка келип калдым. Мен бийлик үчүн бир кызматка отурайын деп бул иштерди жасаган жокмун. Илгери 90-жылы тиран КПССке каршы чыкканмын. Ушу кыргыз эли демократиялык жолго түшсө, өнүгүү болсо деп. А эгер бийлик чын эле Жогорку Кеңештин чечимин аткарып, эл ишене турган эки тараптан турган өкмөт болсун десе анда иштешсе болот. Анан улам эле бирөөбүз тарта калып, оозун басалы деген бул туура эмес саясат.

-Сөзүңүзгө аралжы. Депутат Кубатбек Байболовдун эмне үчүн кийинки учурларда үнү чыкпай баратат?

- Ал кишини билбейт экенмин. Баарынан былтыр катуу кыйкырып, барыбызды дүрбөткөн ошол киши эле. Ал биздин кыймылдын мүчөсү. Биз өзүбүз да билбей калдык каякка кеткенин. Каяктан табабыз, көрүнбөйт. Кыргызстандабы же башка жакта жүрөбү билбейбиз.

-Четинен ушинтип эле алып кете берсе эмне болосуңар?

- Ар кимдин өз эрки. Катыша алса катышат. Катышпаса катышпай калат. Биз ар кимдин укугун тепселеп, кыйнабайбыз.

-Форумдан кийин сиздерде бир үмүт пайда болдубу. Бийлик сиздер менен митингге жеткирбей туруп ушул нерсени сүйлөшө турганына?

- Менин үмүтүм баштан эле бар. Ошол үмүт менен жашап келем. Ар дайым бийликтеги адамдарга айтып келе жатабыз. Келгиле, сүйлөшөлү, чечели деп. Тилекке каршы алар тоготпой келди. Бирок айтып коюш керек биз уюштурган форумга өкмөт мүчөлөрү толугу менен катышты. Өз кулактары менен угушту. Көп нерселерге макул болушту. Анан өкмөт мүчөлөрү өзүлөрү айтышпадыбы биз дагы ойлонолу, чечели деп. Кеп бири-бирибизди тумшукка коюш эмес, кеп маселени туура чечиш. Эгерде ушул маселелер туура чечилсе анда азыркы бийлик өзүнүн мөөнөтүнө чейин иштей бериш керек. Дегеле Кыргызстанга экинчи ыңкылаптын кереги жок.

-Өткөндө “Реформа кыймылы” жана "Асаба" партиясы биргелешип Аксыда өткөргөн курултайда массалык-маалымат каражаттарын адегенде 15 миңден ашуун киши чыгат деп айтып коюп, бирок анын натыйжасында эки миңдей эле киши болду. Ушундан кийин карапайым элдин арасында да оппозициянын кудурети, кадыр баркы кетип калган турбайбы деп жатышат. Азыркы күндө аянтка 20 миңден ашуун киши чыгат деген сөз бар. Канча миң киши чыгат деп ойлойсуз?

- Аксыдагы курултайды “Реформа кыймылы” уюштурган эмес. Бизди да, бийликти да чакырган. Мамлекеттик катчы барды. Биз да бардык. Ал Аксыдагы Боспиек деген жер айылдан алысыраак экен. Машинеси барлар келет экен. Жөөлөрү келе албайт экен. Ошол айылдан эки миң кишинин чыгышы бул өзү чоң нерсе да. Эмки митинг боюнча мен эч кандай цифраларга токтоло албайм. Мен элдер менен тыгыз иштеген жокмун. Мен штабда олтурган кишимин. Канча киши кааласа, жактаса, туура көрсө, ошончо киши чыкса ошондо туура болот.

-Тандемдин отставкасын талап кылып жатасыздар?

-Биринчиси, Конституциялык реформа. Мында эч кимдин талашы жок. Муну жасаш керек. Экинчиси, Аксы. Үчүнчүсү КТРди коомдук кылуу. Муну биздин президентибиз да мамлекеттик катчыбыз да айтып келген КТРди коомдук кылыш керек деп. Ошону аткарып койсо бизге көп деле нерсенин кереги жок.

XS
SM
MD
LG