Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

ТҮНДҮК КОРЕЯ МАСЕЛЕСИ БЭЭЖИН МЕНЕН СЕУЛДА ТАЛКУУЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Мындан 10 күн мурда Түндүк Корея атом бомбасын сынагандан кийин дүйнөлүк коомчулук анын өзөктүк программаларын токтотуу максатында эбегейсиз аракеттерди көрүүдө. Өткөн ишемби күнү Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши атайын чечим кабыл алды жана аны аткаруу ыкмаларын талкуулоо үчүн АКШ мамлекеттик катчысы Түштүк Корея менен Кытайга шашылыш келди.

19-октябрда АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Сеул шаарында өлкө жетекчилери менен жолугуп, Түндүк Корея маселесин талкуулады, 20-октябрда ал Бээжинге келди жана Кытайдан кийин Маскөөгө барууну пландап жатат. Түштүк Кореяда болгондо, мамлекеттик катчы Түндүк Кореянын саясаты дүйнөлүк коомчулукка жана өзгөчө Азия мамлекеттеринин коопсуздугуна коркунуч түзүүдө деп билдирди:

"Түндүк Кореянын өзөктүк сыноо өткөргөнү жөнүндөгү жарыясы - бул өтө олуттуу провокация жана андан бүткүл дүйнөлүк тынчтык менен коопсуздукка, өзгөчө Чыгыш Азиядагы тынчтык менен коопсуздукка орчундуу коркунуч түзүлүүдө", - деди Райс 20-октябрда Бээжин шаарына келип, Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосиң менен жолукканда.

Анын алдында болсо Кытайдын атайын өкүлчүлүгү Түндүк Кореяга барып, өлкө төрагасы Ким Чен Ир менен жолугуп келди жана аларды жетектеп барган мамлекеттик кеңешчи Таң Цзясюан Бээжинде Кондолиза Райс менен жолугуп, сүйлөшүү кандай өткөнүн айтып берди. Анын пикиринде, абалды дагы оңдоо мүмкүн, бирок алты тараптуу сүйлөшүүгө кошулуу үчүн Пхеньян шарт коюп жатат жана Түндүк Кореяга каршы былтыр жарыяланган бир нече экономикалык чектөөнү Вашингтон алып салууга тийиш. Андан тышкары Ким Чен Ир - АКШ жетекчилиги менен түз сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштап жатат.

Былтыр ноябрда жарыяланган маалыматтарга караганда, Түндүк Корея мамлекеттик дэңгээлде жасалма америкалык доллар басып чыгарууга аралашкан, ошондуктан Вашингтон ага каршы санкция жарыялаган.

Түндүк Корея менен Кытайдын маалымат каражаттарында жарыяланган кабарларга караганда, өзөктүк сыноо өткөрүлгөндөн кийин Кытай бир топ татаал абалга кириптер болгону үчүн Ким Чен Ир Бээжинден кечирим сураган имиш. Андан тышкары Ким - экинчи өзөктүк сыноо өткөрүү ниети Пхеньянда жок экенин дагы билдирген. Вашингтон азыр Кытай жетекчилигине бир топ катуу басым жасап, өзөктүк куралдан Пхеньянды баш тарттырууга көндүрүүнү суранууда.

Пхеньян шаарына америкалык "Эй-би-си" сыналгысынын журналисттери дагы барып, өлкө куралдуу күчтөрүнүн жетекчилеринин бири генерал Ри Чан Бок менен интервью өткөрдү. Генералдын айтымында, америкалык маалымат каражаттары жана президент Жорж Буш өзү акыркы мезгилде Түндүк Кореяны каралап, аны балакет мамлекет деп атап жатат. Ошондуктан мындай абалда өлкө өзүн өзү коргоо максатында өзөктүк курал өндүрүүгө аргасыз болду, бирок аны Пхеньян эч жакка импорттобойт. Батыш тарабынан Түндүк Кореяны жамандаган комментарийлер жана аны тизелетүүгө багытталган аракеттер токтотулууга тийиш деди генерал.

Ошол эле 19-октябрда президент Буштун басма сөз өкүлү Тони Сноу атайын билдирүү жасап, Түндүк Кореяны тизелетүү ниети эч кимде жок экенин жана АКШ ага бир топ пайдалуу сунуш жасап, анын эл аралык коомчулук менен биргелешип жашап-аракеттенишин гана каалайт деп билдирди.

Сеул шаарына Жапониянын тышкы иштер министри Таро Асо дагы келди жана түштүк кореялык министр Пан Ги Мун менен 20-октябрда жолукканда, Бириккен Улуттар тарабынан кабыл алынган чечимди кантип аткаруу маселелерин талкуулады.

Токионун сунушу менен жакын арада Виетнамдын борбор калаасында АКШ, Жапония, Кытай, Орусия жана Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлери жолугууга тийиш. Бирок жыйын ноябрдын орто ченинде Ханойдо Азия-Тынч океан кызматташуу форуму өткөндө гана болот. Ал форум учурунда АКШ менен Түштүк Кореянын президенттери жана Жапониянын премьер-министринин үч-тараптуу да жыйыны өткөрүлүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG