Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:46

ЖАНЫБЕК ЖАНЫЗАК: «МЕН КЫРГЫЗДАРДАН ДАЙЫМА БИР КАДАМ АЛДЫГА ЖҮРГҮМ КЕЛЕТ»


Жалпы коомчулукка белгилүү Жаныбек Жанызак кыргыз гезиттеринин сайтын биринчи болуп ачкан. Ал интернет, алгачкы кыргыз сайттары, дүйнөлүк желеге айланган интернеттин коом үчүн мааниси жөнүндө маек куруп берди.

- Жаныбек мырза сизге биздин эң алгачкы сурообуз. Сиз жөнүндө журналисттердин, коомдук ишмерлердин арасында кайчылаш пикирлер айтылып жүрөт. Бир тараптуу пикир жок. Сиз өзүңүздү кандай деп тааныштырат элеңиз?

- Мурда социализм кезинде орустарда бар нерсе эмне үчүн кыргызда жок? Деп ушуга абдан ичим кайнап кетчү. Себеби көргөн телевизорун, окуган гезитин баары эле бирдей да. А эмне үчүн алар дайыма бир кадам, эки кадам алдыда жүрөт, а биздин балдар дайыма артта? Мени ушул абдан туталантчу. Анан өзүмдү дайыма бир кадам алдыда жүргөн кишимин деп эсептейм. Себеби менин жасаган иштеримдин баардыгы кыргыз коомчулугунун кайсы бир катмарына, реакционный катмарына түшүнүксүз, чындыгында. Мен өзү немец тили боюнча мугалими. Бирок мен немец мугалими болуп эле чектелип калган жокмун да. Мен компьютерщикмин, мен фотошабащникмин, гезит чыгаргыч, көп тармак. Мен ар балээмин.

- Кыргыз коому дедиңиз. Балким ошонун алдыда болушу үчүн кыргыз гезиттеринин сайттарынын биринчи негиздөөчүсү болдуңузбу?

- Сөзсүз. Себеби мен биринчи болуп жасаган иштерим абдан көп. Мисалы мен эң биринчи жолу кыргыз тарыхында “Фото кыйынбы же оңойбу?” деген китеп чыгаргам. “Фотографияны кантип үйрөнүш керек?” дегенди кыргызчалаткам. Анан өзүңөргө белгилүү “Каттама” гезити. Себеби абдан таң каласың, жашоонун баланча бөлүгү ушул, бирок ал жөнүндө эч ким эч нерсе дебейт. “Кой деле билет да” деген сөздөр бар. Айланайын, кой койчо билет, кел, адамча үйрөнөбүз. Анан кийин компьютердин мезгили келди. Анда дагы кыргыздардын кулагы жымжырт. Бир убакта эле 98-жылдары мен кире баштадым интернетке. Кирсем бир кыргызча кабар жок. Эң биринчи “Асаба” деген гезит чыккан. Аны мен өзүм сканерлеп, сканерден алып туруп, сайтка койгом. Аябай майда тамга менен жазылып, кийин мен өзүм деле таң калып жүрдүм, бирок өзгөрткөн жокмун. Анан “Аалам” гезитине бардым: “Кел 50 сомдон чыгарып берейин, бир номурда 8 бет” деп. Абдан кымбат болчу ал кезде. Анан азыр Кудайга шүгүр 5 гезит бар. Мен 98-жылдан баштап кире баштадым дебедимби, бирок мен ал кезде арак ичип жүрчүмүн, муну сөзсүз айтып коюш керек. Анан мен 2000-жылы “Иса Теңирдин” коомуна кирдим. Арак өзүнөн-өзү автоматтык түрдө токтолуп калды. Ошол эле 2000-жылы мен кыргыз китепканасын чыгардым. Мисалы, көптөр автордук укук деп, анан башка жакка чыкпасын дейт эмеспи. Анан мен ошол кезде “Каттаманын” артынан бир нече китеп чыгарып калгам да. Китептеп китеп палатасына келет, анан жанагы SBN деген уруксатын алат, анан сөзсүз түрдө 10 китепти өткөрүп берет да. Ал 10 китептин бирөө китеп палатасында калат, калгандары борбордук китепканага, балдардын китепканасына кетет. Ошентип таратылат. Жанагы китеп коомдун мүчөлөрүнө ачык. Эгер коомдун мүчөлөрүнө ачык болсо, барып окуй ала турган болсо эмне үчүн аны интернеттен окуса болбойт деген ой кетти менде. 2004-жылы интернеттеги азыр эң күчтүү Google деген пайда болбодубу, Googleдун балдары ушунчалык мыкты балдар экен, баарын эле бекер коюп жатышат. Алар эми рекламадан табат да. Алар 2004-жылы бүт дүйнөдөгү, англис тилдүү мыкты деген китепканалардан уруксат алып, китептерди интернетке кое башташты. Дайыма биз бирдеке десе эле “Батышты туурап” дейбиз. “Батышты туурап” деген сөз кыргыздын кээ бир бөлүгүндө тескери мааниде айтылат да. Батышты туураш керек. Кептин баары батыштан келип жатат. Биз колдонуп жаткан компьютер, биз сүйлөп жаткан ушул микрофон – баары батыштан келген. Адам үчүн эң жакшы деген идеялардын 90 пайызы батыштан жаралган.

Google 2004-жылы китептерди сканерлеп чыгара баштаганда аябай кыйкырыктар чыккан да “Бул окурмандарды алып кое турган болду” деп. Көрсө тескерисинче болуптур. Кийин китеп сатуучу уюмдар айтып жатпайбы, ошентип чыгара баштагандан кийин окурмандардын саны 30 пайызга көтөрүлдү дейт. Жада калса, мисалы, илимий-популярдуу китептерге анча көп кызыгышпайт да, ошентип чыгара баштаганда “Мындай китептер бар турбайбы” деп сатып ала башташыптыр.

- Учурда кыргыз сайттарын түптөө үчүн демөөрчүлөр барбы? Колунда акчасы бар адамдар ошол үчүн аракет жасашабы?

- Кызык нерсени байкадым: Жанызак десе эл чоочуйбу, иши кылып мага бир дагы демөөрчү чыккан эмес. Бирок мына азыр күндө kyrgyzordo.com дегенди өзүңөр көрүп жатасыңар, бул жерде жаш балдардын издөөчүлүк касиети байкалат. 5-6 бала биригип, акчаны ортого таштап, анан билген бала жанагындайды ачып эл үчун бир нерсе жасап жатышат. Kerben.kg ни алсаң болот. Мен баягы Жанызак болгондуктан Kyrgyz.ordoго кирип алып көбүрөөк чатак чыгарам. Негизи чатак эле кишимин.

- Бул “Атың чыкпаса жер өрттө” деген принциптен уламбы?

- Жок, кээ бир проблемаларды ачып таштабаса болбойт. Анан аларды ачып таштасаң, чычалагандар абдан көп чыгат. Интернет ушул жагынан алганда эң демократиялык нерсе. Ким каалаган оюн жаза берет, кирип алып. Мына ушул жерден баягы биз айткан ыйман ченеми билинет.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат

- Силерге дагы рахмат.

Зейнеп Мартбек кызы, Султан Каназаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG