Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

БҮГҮН - МЫРЗАКЕДЕ ШАЙЛОО


Бүгүн Ош облусундагы Мырзаке шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтүп жатат. Мандат үчүн 8 талапкер атсалышууда. Бул округдан мурда депутат болуп шайланган Жантөрө Сатыбалдиев азыр Ош облусунун губернатору болуп иштейт.

Буга чейин Мырзаке шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерликке 9 адам катталган жана кийин алардын бирөө белгисиз себептерден улам өз талапкерлигин алып койгон. Бул округда үгүт иштери мыйзамга ылайык шайлоого бир күн калганда 28-октябрь күнү токтотулду.

Түшкү саат 12ге эсептегенде 5 миңден ашуун шайлочу добушун берди. Бул шайлоочулардын 13 пайыздан ашыгын түзөт. Добуш берүү тынч, мыйзам чегинде өтүүдө, деп кабарлашты Борбордук шайлоо комиссиясынан.

XS
SM
MD
LG