Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

КЫРГЫЗСТАНДЫН КИЧИФУТБОЛУ - АЗИЯНЫН МЫКТЫСЫ


12- ноябрда футзал боюнча Бишкек шаарынын Кубогу үчүн таймашуулар улантылды. Дагы кулак сүйүнтөөр жаңылык- 2006- жылдагы спорттук ийгиликтери үчүн Кыргызстандын футзал командасы Азиядагы мыкты орунга талапкерлердин бири болууда. Мындай кабарды Азия футбол федерациясы таратты.

Ар жыл сайын ноябрь-декабрь айларында спорттун түрүнө жараша жылдын мыктыларын аныктоо салты бар. Быйыл жазында Ташкентте өткөн футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын командасы төртүнчү орунду ээлеп жылдын мыктыларына талапкердин бири болду. Кыргызстандан сырткары Жапония, Иран жана Өзбекстан өлкөлөрү да Азиянын мыктыларына талапкер.

Өлкөнүн футзал ассоциациясынын координациялык кеңешинин төрагасы Адылхан Бекболотовдун айтымында Кыргызстандын тандалган командасынын капитаны Андрей Пестряков да Азиянын мыкты футболчусу болуп калуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле Тайланд өлкөсү кыргызстандык эки футболчуну өз клубунда ойноого чакырып жатышат.

Азия өлкөлөрүнүн футзал чемпионаты 1999- жылдан бери өткөрүлүп Кыргызстандын командасы бардык чемпионатка катышуу менен жылдан жылга чеберчилиги жогорулап баратканын спорт адистери айтышууда.

Былтыр Тайландда өткөн Азия чемпионатында кыргызстандыктар коло байгелүү болушуп, өлкөнүн футбол тарыхында болуп көрбөгөн ийгилик жаратышкан. Азия аймагындагы футболдук мамлекет аталган Жапония, Кытай, Иран, Түштүк Корея, Өзбекстан менен теңтайлаша ойноп, кыргыз өңүн таанытышууда.

Учурда Бишкек шаарынын Кубогу үчүн таймашуулар тууралуу Кыргызстандын футзал ассоцициясынын вице-президенти Медет Букуев буларды айтып берди:

- Бишкектин Кубогуна арналган мелдешке 18 команда катышууда. Чейрек финалдык оюндарга талапкерлер аныкталууда. Алардын катарында «Экобанк», «Алтынташ», «Битель» жана башка командалар бар.

Кыргызстанда футзал ассоциациясы түзүлгөнүнө эмдиги жылы 10 жыл болот. Ошондон бери өлкөнүн чемпионаты үзбөй өткөрүлүп, бул спортко кызыгуу артып баратат. Ар жыл сайын 30-40 мелдеш, турнир уюштурулуп, жаңы командалар түзүлүп, демөөрчүлөрдүн демилгеси менен футзал өнүгүп, өсүүдө. Кыргызстандын командасынын келечеги кеңдигине, жакшы аракетине Эл аралык футбол федерациясынын жана Азия конфедерациясынын адистери жогору баа берип жүрүшөт.

Ал эми коңшу өлкөлөрдө, Азияда, дүйнө жүзүндө футзалга өзгөчө көңүл бурулууда. Мисалы: Алматыдагы атактуу «Кайрат» командасынын катарында Бразилиядан келишкен 5 футболчу ойноп жγрγшөт.Ошондой эле кыргызстандык Марат Думанаев да “Кайраттын” мыкты оюнчуларынын бири. Ал эки-үч жыл Орусиянын футзал боюнча Жогорку Лигасында ойногон. Кыргызстандык Нуржан Жетибаев менен Данияр Абдраимов аргасыздан Өзбекстандын чемпиону “Строитель” командасынын катарында ойноп жүрүшөт.

Кыргызстандын футзал ассоцициясынын вице-президенти Медет Букуевдин айтымында өлкөнүн башкы машыктыруучу гана айлык алып иштейт. Футбол федерациясы да, спорт жана дене тарбия агентиги да каражаттан жардамы жок. Футзалга көңүл бурган бир да мамлекеттик жетекчи боло элек. Ошондой эле жабдуу, спорттук кийим- кечеден кыйналып жүрүшөт. Облустарда жана Бишкек шаарында айлык алган бир дагы машыктыруучу жок.

Өлкөнүн футзал ассоциациясынын координациялык кеңешинин төрагасы Адылхан Бекболото тандалма командасынын алдыдагы максаттары тууралуу буларды билдирди:

- 17- ноябрда Кипрге жолдоштук беттешүүлөрдү өткөрүп, бирге машыгуу үчүн барабыз. Эмдиги жылы Азия чемпионаты Жапонияда 19- майда башталат. Каражат маселеси чечилсе Азиянын чемпиондугун үчүн күч сынашабыз.

Кыргызстандын аймагында кичи футбол боюнча 500дөн ашуун команда түзүлүп, спорт ышкыбоздорунун демилгеси менен гана бул оюндун таасири артып баратат.


Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG