Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 14:45

КЫРГЫЗСТАНДА ТУРАК-ЖАЙ КУРУЛУШУ АЛДЫГА ЖЫЛА БАШТАДЫ


Кыргызстандын улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча быйылкы жылдын тогуз ай ичинде 3 660 квартира курулду. Булардын жалпы аянты 368,3 миң чарчы метрди түзөт. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда дээрлик он пайызга көп. Ошол эле улуттук статистиканын маалыматы боюнча көп кабаттуу турак-жайларды куруу үчүн 2 млрд сомдон ашуун каражат сарпталган. Бирок бул көрсөткүч мындан он беш жыл мурунку көрсөткүчкө караганда бир топ аздык кылат. Союз учурунда Борбор шаардагы бир эле үй куруучу комбинат жылына 300 миң чарчы метр турак-жайды керектөөгө тапшырчу. Ал эми жалпы республикада жыл сайын 1 миллион чарчы метрден ашуун турак-жай бүтүрүлчү.

Расмий маалыматтар боюнча учурда 166 миңден ашуун үй-бүлө турак-жайга муктаж. Белгилүү болгондой булардын көпчүлүгү айлык маянасы аз, бюджеттик мекемелерде иштегендердин үй-бүлөлөрү. Кыргыз өкмөтү акыркы жылдары мына ушул катмардагы элдин кызыкчылыгын коргоо, аларды турак-жай менен эң биринчилерден болуп камсыз кылууга аракет жасоодо.

Быйыл жай айларында "Жал" кичирайонунда милиция кызматкерлерине арналып курулган 90 батирлүү үй ээлерине тапшырылды. Ошондой эле саламаттык сактоо тармагында эмгектенип жаткандар үчүн дагы көп батирлүү үйдүн курулушу башталган.

Мындан тышкары өткөн жылы мамлекеттик бюджетке атайын 200 млн сом турак-жай курулушу үчүн кошумча каралган болчу. Бирок бул каражат турак-жай маселесин чечүү үчүн өтө аздык кылат. Каржы жана экономика министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда 200 млн сом ипотекалык кредиттин үстөк пайыздарын азайтуу аракетинде бөлүнгөн болчу:

-Бул акчаны атайын бюджетке караштырып, ипотекалык кредиттин үстөк пайыздарын азайталы дегенбиз. Бирок тилекке каршы буга жарактуу банктарды таба албай койдук. Экинчиден, айыл жергесинде иштеп жаткан банктар бул система менен иштөөгө каражаты жетишсиз болуп чыкты. Бишкекте болсо аз-аздан курулуш жүрүп жатат. “Жал” кичи районунда тогуз кабаттуу үч үй бүтүп атат, буйруса жаңы жылга чейин бирөөнү пайдаланууга беребиз.

Акылбек Жапаров турак-жай маселеси кыргыз өкмөтүнүн көңүл борборунда болуучу маселелердин бири болуп кала берерин, бул маселени чечүү үчүн бардык аракеттер жумшалып жаткандыгын белгилеп кетти:

-“Жал” кичирайонунда түштүккореялык ишкерлер өздөрүнүн кичирайонун курабыз деп атышат. Биз өкмөттө ал жерден кимдер алат, кайсы мекемелерге канча орундан беребиз, мына ушунун баарын сүйлөшүп бүттүк. Алар бизге 30 пайызга чейин алгачкы взносун төлөп берсеңер, калган он беш жылдыгын 10 пайыз менен өзүбүз бүтүрөбүз деген шарт коюп атышат. Биз тараптан Кыргыз индустриалдык банк макулдугун берди. Биз бир жумага кармалып калдык, эми ушу жуманын ичинде акырына чейин бүтөт. Бүтүп калса беш жүз кишиге жакын социалдык тармакта, маданият жагында иштеген кызматкерлер ипотека боюнча быйыл үй ала алышат.

Биз мойнубузга алып жатабыз: врач, мугалимдерге, мадиният кызматкерлерине жакшы айлык акы төлөй албай жаткандыгыбызды. Аларга биз ипотеканын үстөк пайыздарын жеңилдетүүгө жардам берели, бирок силер туруктуу иштегиле деп айтып атабыз.
-деди Акылбек Жапаров.

ЭКИ ЖЫЛДАН БЕРИ ЭСКИ ЗАМАНДА

Калк көп батуучу көп кабаттуу үйлөрдөн тышкары жеке салынган турак-жайлардын саны да быйыл мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ арбыган. Улуттук статистика комитети тогуз ай ичинде айыл жерлеринде салынган турак-жайлардын жалпы аянты 200 миң чарчы метрден ашып түшкөнүн маалымдайт.

Жеке турак-жайлардын курулушу Бишкек, Ош шаарларында, Ош, Жалалабад, Ысыккөл, Чүй жана Талас облустарында өткөн жылга караганда өскөнү айтылат. Ал эми Нарын облусунда тескерисинче турак-жай курулушу мурункудан кыскарып кеткен.

Жеке турак-жайлардын курулушу жагынан эң алдыда турган Бишкек шаарынын карамагында мурда 25 жаңы конуш болгон болсо, акыркы эки жылда алардын саны 43кө жетти. Булардын көпчүлүгү өткөн жылкы март ыңкылабынан кийин үй-жайсыз үй-бүлөлөргө берилген.

Бул жаңы конуштардын дээрлик бардыгынын жол, суу, электр энергиясы, транспорт ж.б. маселелери алигиче чечилбегендиктен, анда жашап жаткандар шаар жетекчилигине, бийлик өкүлдөрүнө нааразы болушууда. Ноябрь айынын башында болуп өткөн нааразылык митингинде мына ушул социалдык маселелери чечилбеген жаңы конуштардын жашоочулары да митингчилерге кошулуп, Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоевдин отставкасын талап кылышкан.

Бишкек шаарынын чет жакаларында 43 жаңы конушта 12 миң үй-бүлө жайгашкан. Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөөчү бөлүмүнүн башкы адиси Ашыр Карыпбековдун айтымында, акыркы эки жылда жаңы конуш үчүн 500 гектардан ашык жер бөлүндү:

-Акыркы эки жылда “Алтын ордо”, “Ак ордо”, Мурас ордо”, “Жаңы Кыргызстан” жана башка жаңы конуштар кошулду. Бул жаңы конуштарга Аламүдүн районунан 75 гектар алынды. Баары биригип 500 гектардан ашуун жер берилди, -деди Ашыр Карыпбеков.

Анткен менен бул аралыкта үй куруучулар жашоо-тиричиликке зарыл шарттарды түзө албай убаранын үстүндө келатышат. Аталган жаңы конуштардын айрым тургундары көйгөйлөрүн мындайча айтышты:

-Мен Садырбаев Жолдошмун. “Ак ордо” жаңы конушуна жаңы үй салып, кирип жашап жатабыз. Жарык, суу тууралуу эч кандай кабарыбыз жок. Бизге эч ким келип кабар да ала элек. Жашаганыбызга экинчи жыл кетип атат. Жок дегенде жарык менен свет болсо деле жакшы болмок. Башка айлабыз жок.

-Асанбек Жумабаев болом. “Жаңы Кыргызстан” конушунда жашап атам. Бизде жашоого эч кандай шарт жок. Биз жашаган жерде негизинен жаштар жашайбыз. Жаңы төрөлгөн балдар көп, свет менен суунун жоктугуна байланыштуу жашоо-турмуш өтө катаал болуп жатат. Өкмөт, чоңдор биздин шартты көрбөйт, көрсө да көрмөксөн болушат.


Жаңы конуштарда мына ушундай жашоого эң зарыл болгон суу, электр жарыгы гана эмес, ооруп калган адамдар кайрылуучу поликлиника эмес, медпункт да жок. Ал жердеги жашоочулар кош бойлуу келиндер кайсы ооруканага кайрылып, кайсы жерге катталышын да билбей тургандыгын айтып нааразы болушту.

-Баягы ата-бабалар жашаган илгерки жашоо менен жашап атабыз. Очокко тамак асып, шам менен оокат кылып, сууну алыстан ташып келип, жашап атабыз. Эмне кылууну да билбей, кой тынч эле отуралы деп эле отурабыз.. Кыш деле кирип келди. Кышка чейин электр энергиясы менен суу келип калат го деген үмүт менен жашап келдик. Жок, эчнерсе жок, -деди “Алтын ордо” жаңы конушунун тургуну Айнагүл Касенова.

Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы инженери Ишеналы Шалтаев жаңы конуштарга электр жарыгынын жана суу түтүктөрүнүн курулуштарынын кечеңдеш себептерин “Азаттыкка” минтип түшүндүрдү:

-Быйылкы жылы жаңы конуштарды суу менен камсыз кылуу үчүн 73 млн сомдук каражат каралган. 93 чакырым суу түтүгүнө, 80 млн сом электр жарыгы менен камсыз кылууга бөлүнгөн. Бул каражатка 34 трансформатордук подстанция алып атабыз. Ушулардын баарынын үстүндө иштеп атабыз. Эми мунун баары бир күндө бүтүүчү жумуш эмес. Анткени СССР тарап атканда бөлүнгөн жаңы конуштардын да айрымдарына суу түтүктөрү кирип бүтө элек. Былтыр ыңкылаптын толкуну менен эле көп участокторду берип салышты, эми ошого ылайык бөлүнгөн акча-каражатка жараша долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Бул бир заматта бүтүрө койчу иш эмес, ырааттуу жыл-жыл менен жылдырып, иштеш керек, -деди Ишенаалы Шалтаев.

Жалпысынан Бишкек шаарынын айланасын курчаган жаңы конуштарында учурда 250 миң чамалаш киши жашоодо. Акыркы жылдары шаар 340 чарчы метрге чоңойгон. Адистердин айтымында, ошого жараша мамлекет тарабынан тиешелүү каражат бөлүнүп берилиши керек. Бирок бул маселеге өкмөт батыл кирише элек.


КИЧИ ШААРЛАРДА ДА ТУРАК-ЖАЙ БАА БОЛО БАШТАДЫ

Расмий маалыматтар боюнча турак-жай курулушунун өсүшү менен жер участокторунун жана турак-жайдын баасы да көтөрүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы жердин баасы 38 пайыз, турак-жайдын баасы өткөн жылга салыштырмалуу 40 пайызга жогорулады.

Кыргыз өкмөтү кыймылсыз мүлктүн баасы жалпы Кыргызстан боюнча өсүүдө. Быйылкы жылы баалар Каракол, Кызылкыя, Ташкөмүр сыяктуу кичи шаарларда да өскөнү байкалды. Ал эми экинчи борбор Ош шаарынын айрым райондорундагы үйлөр Бишкек шаарындагы баалардан да ашып түшүүдө.

Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин баасы жайгашкан аймагына жана ремонтуна жараша 17-25 миң АКШ долларын түзөт.Шаар мэри Жумадыл Исаковдун айтуусунда жеке сектордогу турак-жай курууга шаарда жер жок. Мэриянын маалыматы боюнча архитектуралык генпландын негизинде Ош шаарындагы “Анар” кичирайонунун жанына көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн 11 гектар жер бөлүнүп берилген. Бирок ал жерге коммерциялык максаттагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жергиликтүү курулуш компанияларынын экөө гана өз долбоорлорун сунуштаган. Ал эми учурда “Акташ” курулуш концерсиуму жана “Сафари” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан кырк батирлүү көп кабаттуу эки үй курулуп жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча турак-жай маселесин чечүү, турак-жай курулушун арбытуу максатында бир топ долбоорлор даярдалып, ишке ашыруу алдында турат. Эң биринчи кезекте бюджеттик мекемеде иштеген кызматкерлерди, айыл жергесинде эмгектенген мугалимдерди жана дарыгерлерди үй менен камсыз кылуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Төмөндөтүлгөн үстөк пайыз менен кредит алууга шарт түзүп берүү үчүн бир нече банктар менен келишимдер түзүлүүдө деп маалымдалат.


Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG