Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:30

БАКЫТ КАЛПЕТОВДУ СОТ КАМАКТАН БОШОТТУ


Бүгүн Биринчи май райондук соту «Атамекен» саясий партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетовго баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны камактан бошотту. Аны бошотууга «Реформа үчүн!» кыймылынын лидерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Шерниязов менен Өмүрбек Текебаев кепилдик беришти.

Биринчи май райондук сотундагы Бакыт Калпетовго байланышкан сот жараяны жабык өттү. Адвокат Райымкул уулу Касымбектин айтымында, судья Кубанычбек Сулайманов чечимди айыпталуучуга коюлуп жаткан айып оор эмес деген негиздеме менен чыгарды. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев соттун бул чечимин Кыргызстанда көз карандысыз соттордун пайда болушунун башаты катары баалады:

- Калпетовдун адвокатынын өтүнүчүн сот канаатандырды. Депутаттардын кепилдик каты менен Калпетов эркиндикке чыгарылды. Мен ойлойм, ушул көз ирмемди биздин шайлоочулар эске сактап коюулары керек. Мына ушинтип жаңы сот тажрыйбасы бизде пайда болот. Ушинтип көз каранды эмес сот пайда болушу мүмкүн. Менимче Калпетов тергөөгө тоскоол болбойт, сот жоопкерчилигинен качып кеткенге аракет кылбайт. Жыйынтыгында сот өзүнүн адилет чечимин чыгарат.

Сотко ыраазычылыгын сот жараянынан кийин Калпетов өзү да билдирди. Ал өзүн күнөөлүмүн деп эсептебейт: "Бул эми жогору жактын жасап аткан иштери болсо керек. Бул таптакыр туура эмес. Сотко ыраазымын мен азыр."

Калпетовду Коопсуздук кызматы ноябрдын башындагы нааразылык акцияларынын учурунда Мамлекеттик телерадио компаниянын директорунун орун басары Бейшенбек Бекешовго кол тийгизди деген негиз менен камакка алган.

Соттун чечимине ылайык Бакыт Калпетов эми мындан ары тергөөгө Коопсуздук кызматынын чакыруусуна ылайык келип турат. Адвокаттын айтымында, Калпетовдун иши кайрадан ички иштер кызматына өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Медетбек Талиев Калпетовдун айланасындагы суроолорго жооп берүүнү каалаган жок.

«Атамекен» саясий партиясынын билдиргенине караганда, жарандык коом Бакыт Калпетовдун бошотулушун кубаттап жатышат. Анткен менен партия лидери Өмүрбек Текебаев жакында тартип коргоо огандарына кайрылууга мажбур болорун билдирди. Анын айтымында, куугунтуктоо иштери уланып жатат:
"Куугунтуктоо иш-чаралары бул жападан-жалгыз эмес. Кыргызстандын бардык региондорунан бизге кабарлар келип түшүп атат. Белгисиз адамдар, белгисиз машинелер менен келип “Атамекен” партиясынын мүчөлөрүн, алардын үйбүлөлөрүн сабап кеткен учурлар абдан көп. Бул боюнча биз атайын иш чараларды жүргүзүп укук коргоо органдарына кайрылабыз."

XS
SM
MD
LG