Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

ИРАКТА КЕЧЭЭКИ КУРМАНДЫКТАР ЖЕРГЕ БЕРИЛҮҮДӨ


Жаңыл Жусупжан, Прага Бүгүн Багдада кечээки үч башка чабуулда шейит кеткен 50дөн ашык кишинин сөөгү жерге берилүүдө.Көбүнчө шийилер жашаган чөлкөмдө жардыруу болгон жерлерди булдозерлер менен көчө шыпыргычтар тазалап жатышат. Машиналарга катылган бомбалар жарылганда, дагы 90 чакты киши жараат алган эле. Ноябрь айынан бери эле Иракта 3700 карапайым кишинин өмүрү кыйылды.

Бир мезгилде жүргүзүлгөн жардыруулар эл котологон, соода түйүндөрү жыш жайгашкан көчөлөрдү үстүн астын кылды.

"Үч машина жарылды. Экөө Сардияда, бирөө Багдаддын борборундагы Ватба аянтында. Өлгөндөр, жараат алгандан көп болду," - деп билдирди Багдаддын жардырууга күбө болгон тургуну Хадум Садоун.

Ал эми бул аял "Биз эмне болгонун билген жокпуз, үйдө элек, бардык уулдарыбыздан ажырадык" деп шолоктоп ыйлаюп жатты.

Иракта кан төгүү бүгүн да уланды. Түндүктөгү Лайлан шаарында жанкечти үч полициячыны өлтүрдү. Кошмо Штаттары өткөн түндөгү абадан жасалган чабуулда Анбар провинциясында алты согушкер, алар менен кошо эки аял жана бир жаш бала күм-жам болгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG