Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

БЛЕР ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ БИРИГҮҮГӨ ҮНДӨДҮ


Бермет Эгембердиева, Прага Британия премьер-министри Тони Блэр Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү сапарынын акыркы күнүндө дүйнөлүк лидерлерди Ирандагы жана башка жерлердеги экстремизмге каршы биргелешкен чараларды көрүүгө үндөдү. Блэр Иранды Ирактагы терроризмге жана Ливан өкмөтү менен Израиль менен Палестинанын ортосундагы тынчтык жараянына кесепетин тийгизди деп күнөөлөдү.

Блэр Дубайда бизнесмендер жана журналисттер менен жолугушуу маалында Ирандын жетекчилигин Жакынкы чыгыш өлкөлөрүндөгү тынчтык жараянына жолтоо болуп жаткан тарап катары сынга алып өттү.

Британ лидеринин пикиринде Иран президенти Махмуд Ахмединежаддын өкмөтү Ирандын өзөктүк программасы, Иракта терроризмди, Ливанда Хезболланын партизандарын колдоосу, Израилди тааныгысы келбегени, жөөттөрдүн мамлекетин жок кылууга чакырыгынан баш тартпай жатканы коопсуздук туудуруп жатат. Бирок ошол эле учурда Британия премьери дүйнө коомчулугу Иран коркунучуна кош көнүл мамиле жасап жатат дейт.

- Иран өкмөтүнүн айрым өкүлдөрү Ирактагы демократиялык жараянды токтотуп салуу үчүн андагы террорчулукту ачык колдоп, ошондой эле Ливандагы демократиячыл жол менен шайланган өкмөттү бийликтен кетирүүгө, Палестинада тынчтык орносун деген эл аралык коомчулуктун тилегине жеткирбей коюуга аракет кылып жатат,- дейт Тони Блэр.

Блэр Американын жана Британиянын аскерлердик иш чаралары аймактагы терроризмге жем таштады деген сындарды четке какты.

Ошондой эле ал демократия менен Ирандагы экстремизм күчтөрүнүн ортосундагы маанилүү күрөшкө жандуу катышууга чакырды.

- Биз Иран өкмөтү жаратып жаткан стратегиялык түйшүктү баамдашыбыз керек. Бул түйшүктү Иран эли эмес, балким анын бардык эле жетекчилери эмес, тек гана мамлекет саясаты менен алектенген айрым өкүлдөрү гана жаратууда. Алар кайрадан бизди Ливан, Ирак, Палестинада тунгуякка кептегиси келет. Биздин жообубуз алардын кылып жаткан иштерин ашкерлөө, алардын кесепеттерин алдын алуу учун биримдик тузуп, жана аларды кайрадан жалпы Жакынкы Чыгыш аймагынан сүрүп чыгуу,-деди Тони Блэр.

Британ премьери өзүнүн 5 күндүк иш сапары маалында Туркия, Мысыр, Ирак, Израил, Палестин аймагы, Бириккен Араб Эмираты сыяктуу өлкөлөрдү кыдырып, аларды жетекчиликтин аймактагы тынчтык жараянына салым кошууга үндөдү.

Айтмакчы, Тони Блэрди Ирактын вице-президенти, шийи саясатчысы Тарих Хашеми кечээ сынга алып, Блэр Ирактан британ аскерлерин чыгарып кетүү жадыбалын түзүү оюн алгач колдоп чыкканын, кийинчерээк, АКШ президенти Жорж Буш менен жолуккан соң бул оюнан айныганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG