Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ФУТБОЛЧУЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ


Кабыл Макеш,Бишкек 27-декабрда Аламүдүн капчыгайындагы “Койташ” туристтик комплексинде Кыргызстандын футбол боюнча2006- жылдын мыктылары аныкталып, аларга сый- урмат көрсөтүлдү. Ошондой эле өлкөнүн 15-чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө байгелер ыйгарылды.

Кыргызстандын футбол 15-чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө алтын байгелерди жана баалуу сыйлыктарды өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев тапшырды.

Жылдан жылга Кыргызстанда футболчулардын чеберчилиги жогорулап баратканын, быйылкы чемпион Азия футбол федерациясынын президентинин Кубогун да утуп алганын жана Москвада январда өтүүчү Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор Кубогуна катышаарын өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев белгиледи.

2006- жылдын жыйынтыгына жараша футбол адистеринин аныктоосу боюнча жылдын дарбазачысы деген сыйлыкка “Дордой- Динамо” командасынын өкүлү Валерий Кошуба арзыды. Ошондой эле мыкты коргоочу деп да ушул “Дордойдун” коргоочусу Руслан Сыдыков аталды.

Быйылкы жылдын мыкты жарым коргоочусу деген сыйлык “Дордойдун” оюнчусу Вадим Харченкого ыйгарылды. Үч жылданбери мыкты чабуулчу аталган Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын мүчөсү Замир Жумагуловдун быйыл дагы жылдызы жанып, мыкты чабуулчу деген сыйлыкты колдон чыгарбады.

Футбол боюнча Кыргызстандын 15-чемпионатынын эң мыкты футболчусу деген сыйлык дагы “Дордой- Динамо” командасынын коргоочусу Руслан Сыдыковго берилди.

Жеңүүчүлөргө “Дордой” ассоциациясынын өкүлдөрү акчалай жана баалуу сыйлыктарды тапшырды.

2006- жылдын “мыкты футболчусу” деген сыйлыкка арзыган Руслан Сыдыков алдыдагы максаттары тууралуу мындай деди:

-Январда Москвага Шериктештер Кубогуна барабыз. Быйыл татыктуу оюн көрсөтүп келсек деген тилек бар. Кыргыз футболуна өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлбөсө дүйнөгө эмес, Азияда алдыңкы орунга жетүү кыйын.

Футбол адис Табылды Асыгалиевдин айтымында быйылкы чемпионат өзүн актабай, оюндардын деңгээли начар болду.

-Быйылкы чемпионаттын деңгээли төмөн болуп калды. Жыл башындагы ойлогон иш- аракеттер аткарылган жок. Анан дагы быйылкы чемпионатты Түндүк жана Түштүк аймактарга бөлүп өткөрөлүп, каражат маселесин үнөмдөгөнү менен жергиликтүү калк арасында футболдун өсүп-өнүгүшүнө өкмөт тарабынан колдоо болгон жок.

Кыргызстанда футболчулардын чеберчилиги жогорулап баратканын, быйыл Азия оюндарына алгачкы ирет катышканын, чемпион эмдиги жылы Азия футбол федерациясынын президентинин Кубогуна катышаарын “Дордой” футбол клубунун президенти, Жогорку кеңештин депутаты Аскар Салымбеков белгиледи.

Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада быйыл 10 команда ойноду. Нарындын «Дордой» командасы 3 жыл катары менен өлкөнүн чемпиондугун колдон чыгарган жок.
Быйыл Кыргызстандын 15-футбол чемпионатынын финалдык таймашында упайлары бирдей “Дордой- Динамо” менен Канттын “Абдышата” командалары күч сынашып, мында “Дордой- Динамо” командасы оюндун тагдырын өз пайдасына чечип коюшкан.
XS
SM
MD
LG