Кыргызстан диний башкармалыгынын жетекчиси Жолборс Жоробековдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча окуя саат канчада, кайсы шаарда болгондугу жана бул кырсыкка кабылган Кыргызстандыктардын чоо-жайы такталып жатат:
-Бул окуя кечээ күндүз болгонбу же кечиндеби, азырынча так маалымат жок. Мендеги маалымат боюнча бул окуя сауд Аравиясынын чек арасынан чыга электе болгон. Биз азыр кырсык болгон жерге чыгып кеткен Араб эмираттарындагы кыргыз консулу Анвар Тохтоходжаев жана башка Кыргызстандык өкүлдөр менен байланышып, баарын тактоого аракет кылып жатабыз,
Жолборс Жоробековдун айтымында бул окуяга байланыштуу бүгүн мамлекеттик катчы менен тышкы иштер министринин жолугушуусу күтүлүүдө. Ошондой эле кырсык болгон жерге Кыргызстандык бийлик өкүлдөрүнөн өкүл барышы мүмкүн.
Биз Сауд Аравиясында болгон автокырсык боюнча учурда Медина шаарында жүргөн Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын чет элдер менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Муса Магомедов менен байланышканыбызда, ал дагы бул окуя боюнча азырынча так маалымат алалбай жаткандыгын билдирди.