Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

ЭРКИНБЕК АЛЫМБЕКОВ: БАКИЕВ КУЛОВДУ ПАРЛАМЕНТТИН КОЛУ МЕНЕН КЕТИРГЕН ЖАТАТ


Феликс Куловду премьер-министр кызматына экинчи жолу көрсөтүүгө Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети каршы чыгып, бул маселе боюнча парламент депутаттары бейшемби күнү добуш берген жатышат. Жогорку Кеңештин вице-спикери Эркинбек Алымбековдун пикиринде, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында комитеттин чечими колдоого алынып, Куловдун талапкерлиги четке кагылышы ыктымал.

- Кандай дейсиз, эртеңки добуш берүү чечүүчү окуя болгону турабы?

- Кыскача айта кетсем, эртеңки добуш берүүдө татаал саясий, карама-каршылык процесттер жүрүп атат. Ошонун туу чокусу болуп келген премьер-министрдин талапкерлигин бекитүүдө чоң күрөштөр, чоң оюндар болуп атат. Бирок, мунун түпкүрү 30-декабрдагы жаңы редакцияны мыйзам бузуунун негизинде кабыл алынгандан келип чыккан маселе деп эсептейм. Анткени, биз ошондо эле айтканбыз, эрежени, мыйзам жолдорун бузуп 30-декабрда Конституцияны кабыл алуу бул укуктук хаос менен укуктук тунгуюка алып барат деп. Ошонун негизинде ар кандай карама-каршылыктар келип чыгып, Кыргызстанды жакшы жакка алып барбайт деп биз эскерткен элек. Мына ошонун бири келди, премьер- министрди бекитип келгенде ар кандай жол-жоболор пайда болуп атат. Бакиев-Кулов тандеми кереги жок болуп калгандан кийин Бакиев парламенттин колун менен Куловду кетирүүгө ыкма кылып пайдаланып атат.

Ошондуктан, добуш берүү жашыруун боло тургандыктан, комитеттин Бакиев Куловдун кандидатурасын кайра экинчи жолу алып келе албайт деген чечими эртең бекитилет дагы, Куловдун кандидатурасы четке кагылып, башка кандидат алып келет деген чечим кабыл алынат болуш керек.

- Демек, Куловдун талапкерлигин өзүңүз айткандай, президент сунуш кылды. Логикага таянсак, өз чечиминин мыйзамдуулугун президент тарап коргош керек эле. Анын ордуна кечээ өкмөттүн басма сөз кызматынын атынан Жогорку Кеңештин комитети өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен деген билдирүү таратылды. Президент тараптын унчукпай жатышын кандай деп түшүндүрөсүз?

- Мен айтпадымбы, керек болгон учурда керек болгон жоболорду алып чыга калып, тиешелүү комитет 30-декабрда жаңы редакцияны киргизип атканда 4-5 жолу регламентти, мыйзамдарды ачыктан-ачык бузуп, зордуктап, мыйзам бузуунун негизинде иштер болбодубу. Ошондо регламентти, закондорду тебелеп, паралментке жаңы Конституцияны киргизип аткан комитет азыр принципиалдуу боло калып, регламенттин жоюлган статьясына такап, президент мыйзам бузуу жолу менен кандидатураны алып келип атат дегени - бул эки стандарттын белгиси болуп турганы ачык айкын эле көрүнүп турат. Ошондуктан, бул жерде түшүнүксүз эч нерсе жок. Бул чоң саясат. Анткени, жаңы Конституцияга таянсак, парламенттин регламенти мурда мыйзам катары кетчү. Ошол жаңы Конституцияда регламент мыйзам эмес, Жогорку Кеңештин өзүнүн иш тартибин айкындаган жөнөкөй эле документ деп мыйзамдык күчүнөн кеткен. Жаңы Конституцияда президент Куловдун талапкерлигин экинчи жолу алып келгенге толук ыйгарым укугу бар. Ошон үчүн бул жерде жөн эле оюндар болуп жатат.

- Сиз өзүңүз өткөндө жашыруун болбосо колдоочулардын катарында болгонсузбу Куловдун талапкерлигин?

- Куловго биздин көп сын-пикирлерибиз, кемчиликтерине ачуу көз караштарыбыз бар. Бирок азыркы саясий реалдуу акыбалга байланыштуу, аткаруу бийлиги менен президенттин ортосунда балансты сактоо боюнча жамандыр-жакшыдыр иш алып барар деп, Кулов кеткен күндө кандай кандидатура келип, кандай саясат болот, андан да начар болуп калбасын деп мен биринчи жолу Куловду колдодум эле.

- Сизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG