Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

АЗИМ ИСАБЕКОВ ТУУРАЛУУ АР КЫЛ ПИКИРЛЕР АЙТЫЛУУДА


Бүгүн президент Курманбек Бакиев премьер-министрликке жаңы талапкер катары Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин милдетин аткаруучу Азим Исабековду Жогорку Кеңешке сунуштай турганы айкын болду. Буга чейин Кыргызстандын саясий айдыңында аз таанымал фигуранын премьер-министрликке көрсөтүлүшү көптөгөн суроолорду жаратты. Саясатчылар буга карата өз көз караштарын билдире башташты.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун өкмөтүндө Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигин жетектеп келген Азим Исбеков коомчулукка аз таанымал саясий фигура. Президенттин Жогорку Кеңешке так ушул адамдын талапкерлигин сунуш кылары айкын болгону, бул фигуранын айланасында ар кыл суроолор көбөйдү.

Феликс Куловдун өзү болсо бүгүн Жогорку экономикалык кеңештин жыйынында Исабеков тууралуу кеп козгоп, анын премьер-министрликке сунушталып атканын кубаттай турганын билдирди.

Азим Исабеков 1960-жылы Чүй облусунун, Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында туулган. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүрүп, экономист деген адистикти алып чыккан. Исабеков өз карьерасын 1980-жылы слесарь жана тракторчу кесибинен баштап, бүгүнкү күнү министрлик даражага өсүп жетти. Убагында президент Курманбек Бакиев Чүй облусунун губернатору болуп турганда анын орун басары болуп жүрдү. Үйбүлөсү, эки уул, эки кызы бар. Учурда бир министрликти башкарган Азим Исабеков, премьер-министрлик кызматка көрсөтүлүүдө.

Азыркы тапта Исабековдун талапкерлиги туурасында талаш-тартыш күчөп, аны тааныгандар, саясатчылар өз бааларын бере баштаган чак. Белгилүү саясатчы, “Реформа үчүн” кыймылынын координатору Өмүрбек Абдрахманов, ага мындайча мүнөздөмө берет:

- Мен бул жигит менен абдан жакшы тааныштыгым бар. 1980-жылдары Стрельниково деген совхоздо парткомдун секретары болуп иштеп жүргөндө, биздин совхоздо бул бала тракторчу болуп иштечү. Айтор, Бакиев губернатор болгону, анын колтугунда жүрүп чоңойгон жигит. Анан каякка барса ошол жакка ээрчитип, сүйрөп жүрүп, мына эми премьерге чейин алып келип атат.

Ал эми белгилүү ишкер, Социал-демократиялык партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, Исабековдун премьер-министрликке талапкерлиги тууралуу мындай деген пикирин билдирди:

- Эми ал жигит менин айылдашым, инилерим болот. Ал жигиттин үстүнөн азырынча жаман ушак кептер азырынча жок. Иштеп атат. Бирок, негизи президент жаштарга бир кадам кылганы туура деп эсептеп атам.

Айыл-чарба тармагында көп жылдары эмгектенген белгилүү коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев, премьер-министрликке Исабековдой жаш адамдар келиши керек эле деген ойдо:

- Азим Исабековду мен көп жылдан бери билем да. Ал тууралуу оюм түз жана жакшы. Мунун эң артыкчылыгы жаш жигит өзү. Биздин Кыргызстандын экономикасынын негизин айыл-чарбасы түзөт. Азим ушул маселелерди азыр жакшы түшүнүп калды.

Ошентсе да жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, айрым саясатчылар Курманбек Бакиев премьер-министрликке өз кишисин алып келгени турат деген сыяктуу ойлорду айта башташты. Буга Исабековдун Акаев доорунда да Бакиевдин алдында иштеп, аны менен чогуу жүргөндүгү далил катары келтирилүүдө. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын лидери Эдил Байсаловдун пикири да буга үндөш:

- Исабеков бул толугу менен 100 пайыз Курманбек Бакиевдин кишиси. Бул ал кишинин алдында иштеп келген дагы, толугу менен ал кишинин сөзүн аткара тургандыгы бизге, бардыгыбызга эле көрүнүп турат.

XS
SM
MD
LG