Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

СОТ СИСТЕМАСЫ КАЧАН ЖАКШЫРАТ?


Кечээ Жогорку Кеңештин Соттук-укуктук реформа боюнча комитетинин демилгеси менен бейөкмөт уюмдардын жана сот органдарынын катышуусу астында парламенттик угуу болуп өттү. Анда депутат Кубатбек Байболов баштаган топ иштеп чыккан «Сот системасын реформалоо концепциясы» талкууга коюлуп, бул тармактын көйгөйлөрү көтөрүлдү.

Сот системасын канткенде жакшыртууга болот, деген суроо кабыргасынан коюлган парламенттик угууда, бул тармакты жалпы коомчулуктун пайдасына иштегендей кылып реформалоо жаатында пикир алмашуулар жүрдү. Жогорку Кеңештин Соттук-укуктук реформа боюнча комитетинин төрагасы Алишер Сабировдун айтымында, парламентте айтылган жөндүү сунуштар эми соттор тууралуу мыйзамдарды кабыл алууда эске алынмакчы:

- Биз конституцияда бекитилбей калган бардык нормаларды мыйзам катары кабыл алабыз. Ошол себептүү парламенттик угууда айтылган көптөгөн сунуштарды биз соттордун даражасы, Жогорку сот, улуттук кеңеш жана жергиликтүү соттор тууралуу мыйзамдарды чыгарууда эске алабыз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы соттордун кыйласы дагы да болсо адилетсиз өкүм чыгарышары, алардын көз каранды экендиги, коррупцияга аралашып калышканы тууралуу көптөн-көп айтылып келет. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Курманбек Осмонов, мындай көрүнүштү сотторго көз карандысыздык бериш керек делгени менен иш жүзүндө андай болбой жаткандыгына байланыштырды:

- Соттордун негизги көйгөйү алардын көз карандысыздыгын декларативдүү түрдө эмес, реалдуу түрдө камсыз кылуу болуп саналат. Бул бир эле Кыргызстанда эмес бардык эле демократиялык жактан өнүккөн мамлекеттерде ушундай. Аны камсыз кылуунун түрлөрү көп. Материалдык-финансылык көз карандысыздык - бул бир. Эмгектик, социалдык, укуктук көз карандысыздык – бул эки. Анан, соттордун айлык-акыларын башкаларга караганда сот адилеттүүлүгүнөн экономдобой көбөйтүп койсок, коррупциялык көрүнүштөр болбойт эле.

Парламент төрагасынын орун басары, депутат Эркинбек Алымбеков, сот тармагын реформалоо тууралуу мындай пикирде:

- Сот системасын реформалоого эки эле нерсе керек. Биринчи, соттордун көз карандысыздыгын бекемдөө. Экинчиси, тыйын-тыпырга кызыкпас үчүн бюджеттен же эл аралык жардамдардын негизинде бери эле дегенде жергиликтүү сот миң доллар албаса, ал төрт-беш миң сом менен балдарымды кандай багам деп отуруп туура эмес иштер болот.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи секретары Клара Ажыбекова, соттордун көз карандысыздыгын жогорулатуу менен биргеликте, алардын жоопкерчилигин да көбөйтүү керек деген ойдо.

Ал эми Адилет министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыповдун ырасташынча, сот системасын реформалоо боюнча негизги жол баш мыйзамдын жаңы редакциясында бир нукка салынып калды:

- Негизги принципиалдуу өзгөртүүлөр, ошол жол биздин баш мыйзамда салынып калды. Алар төмөнкүлөр. Чексиз мөөнөткө соттор шайланып жана дайындала турган болду. Элдин өкүлдөрү сот процессин аткара турган болуп калды. Алгачкы тергөө иштеринде эркинен ажырата турган маселени сот чече турган болуп калды.

Эми парламентте соттук-укуктук мыйзамдарды кабыл алууда бул жолку парламенттик угууда каралган маселелер да эске алынмакчы. Буга байланыштуу айым адистер демократиялык, өнүккөн мамлекеттердеги сот системасынын үлгүсүн пайдалануу керектигин айтышса, башкалары улуттук өзгөчөлүктөр эске алынган система түзүү керектигин баса белгилешүүдө.

Сүрөттө: Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов

XS
SM
MD
LG