Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

КАНАТБЕК СЫДЫГАЛИЕВ БРЮС ЛИНИ ТУУ ТУТУП, ТООДО, ТОКОЙДО МАШЫККАН


Акан Иманов, Бишкек Кик-бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын мыкты спортчуларынын бири Канатбек Сыдыгалиев Дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону, 4 жолку Евразия биринчилигинин жана дагы бир нече турнирлердин алтын медаль ээси болгон. Ал кыргыз кик-боксунун абалы, келечеги жана өзүнүн спорттук карьерасы тууралу "Азаттыкка" маек курду.

- Канат мырза, сиздин чоң спортко келгениңизге байыл 12 жыл толуптур. Кик-бокс спортуна сиз кандайча келип калдыңыз?

- Ар бир адам жаштайынан кесипке кызыгат эмеспи, ошол сыяктуу эле мен дагы кичинемде Брюс Лини туу тутуп, тоодо, токойдо чуркап машыкчу элем. Мектепти аяктап, окууга шаарга келгенден тарта Кызыл-Аскердеги фокко барып машыга баштадым, биринчи машыктыруучум Александр Гиль Германияга кетип жатып, мени Александр Воиновго тапшырып кеткен эле. Ошондон тарта “Гермес-Профи” клубунда машыгып калдым.

- Чоң рингдеги эң алгачкы таймаштарыңыз тууралу сөз кылып берсеңиз?

- Машыгып баштаганыма бир ай эле болгон, ошол күндөрү машыктыруучум Кыргызстан чемпионатына катышабыз деп баарыбызды катарга тизип, сен да беттешесиң деп мени да кошуп алды. 75килограмм салмакта мөөрөй талашып, жеңишке жеткеним эч эсимден кетпейт.

-Сизин эсиңизде калып, чоң таасирлерди калтырган таймашыңыз тууралу сөз кылып берсеңиз?

- Эң кызыктуу беттешүүм Американын Лас-Вегас шаарындагы болгон. Мен анда 21жашта элем. Франциянын спортучусу, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону экен. Ал мага салыштырмалуу алда канча тажрыйбалуу эле. Мен аны төртүнчү раундда эсин жогото уруп утуп алгам. Бирок эч ким ойлогон эмес мени утат деп. Себеби мен андан баардык жагынан төмөн элем.

-Ал эми алгачкы секундаларда эле жеңишке жеткен учурларыңыз болду беле?

- 2002-жылы Америка-Кыргызстан беттешүүсү болуп өткөн. Менин атаандашым көйрөңүрөөк экен, Америкадан өзүнүн чемпиондук курун ала келиптир, аны Акипресске алып барып көрсөтүп дүйнө чемпионумун деп жакшы эле мактанды. Эртеси таймаш рингине мен биринчи чыктым, анан ал келе жатканда элдер кыйкырып, аны аябай колдошту, анан менин абдан жиним келип, болгон күчүмдү жумшайм деп беттешүүгө чыктым. Чыгып эле эсин жогото койуп, тез эле жеңишке жеттим.

- Сиздин эң чоң күйөрманыңыз ким?

- Апам болсо керек. Жеңишиме сыймыктанып, кубанат. Анан кайра, болду эми спортуңду тышта, башка көзгө койгулайт экен деп көп айтат.
Кандайдыр бир эл аралык мелдеште сиз жеңишке жетип Кыргызстандын желеги желбиреп, гимни ойноп жатканда сизди кандай сезимдер курчайт?
Кайталангыс толкундоолор болуп аябай кубанам. Анан кыргыз элиме кызмат өтөп жатканыма көкүрөгүмдү көтөрө сүйүнүп, бактылуу болуп калам.

- Бүгүнкү күндө эл аралык аренада кыргыз кик-бокс спортчуларынын орду кандай?

- Бокс чөйрөсүндөгү спортчулар кубалык боксчуларга туш келгенден коркушат. Себеби алардын бокс мектеби күчтүү. Ошондой эле биз дагы эл аралык мелдешке чыкканда, бизге түшүп калбайын деп жан үрөшкөндөр көп. Ошол күчтүү атаандаштардын эң күчтүүсү биз кыргыздарбыз.

-Келечекти карай кандай максатыңыз бар?

- Мен өзүм Таластан болом. Ал аймакта кик-бокс эмес, бокс да жок экен. Жакында машыгуу залын ачып, балдарды машыктырып, тарбияласам деген тилегим бар.
XS
SM
MD
LG