Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

ЛУКАШЕНКО ӨЗ ЖОЛУН ТАПТЫ, БИРОК АГА КИМ КОШУЛАТ?


Белорус президенти Александр Лукашенко Батыштагы маалымат каражаттарына мурда дегеле көңүл бурчу эмес. Бирок жакындан бери аларга ачыла баштады. Өткөн айдын этегинде немецтердин ‘Die Welt’ гезитинде анын интервьюсу жарыяланган эле. Мындан эки күн мурда ал Ройтердин суроолоруна жооп берди.

Бул жолку интервьюсунда да Александр Лукашенко Россиянын атына кайрадан какаар жана кекээр кептерин арнады. “Россия эч кандай негизсиз эле өзүн дүйнөдөгү жетектөөчү күчтөрдүн борбору кылып жарыялап алды”, - деп айтты ал.
Алтурсун Москванын саясатын “орустар өздөрү саат сайын сабалап айыптап жатышкан америкалыктардын саясатына” теңештирди.

Лукашенко: “Белоруссия капкачан эле өзүнүн тышкы саясий багытын Батышка мөлчөрлөп аныктаган”,- деп ырастады. -“Батышка эбак эле кызматташтыктын конкреттүү чөйрөлөрүн сунуш кылган. Бирок Батыш ушу кезге чейин Белоруссиянын сунуштарына дүлөйдөн бетер кулак какпай, дудук сыңар үн катпай келген”.

Акыры жакындагы “газ кризисинен кийин гана Европа капыстан эле Белоруссияга назарын кадап, Белоруссиясыз Европанын энергетикалык коопсуздугуна кепилдик жок экенин түшүндү”,- деп белгиледи Лукашенко.

Лукашенконун сөздөрү Брюсселди дегеле таасирленткен жок. Былтыр ноябрда Евросоюз өз ара кызматташуу үчүн Белоруссияга он эки шарт коюп,биринчи кезекте саясий туткундарды абактан бошотууну талап кылган. “Ройтерге берген интервьюсунда Лукашенко биз койгон шарттарды аткарылгыс талаптар катары атаптыр, - деп комментариялады белорус президентинин сөздөрүн Европа комиссиясынын өкүлү Эмма Удвин. – Ошентсе да келечекте кандайдыр бир жылыштар болоруна үмүт кыла туралы, бирок олуттуу өзгөрүүлөр болуп кетет деп ойлобойм”.

Лукашенко чынында эле саясий реформаларды өткөргөнгө ниети бардыгын ырастаган жок. Белоруссия не Батышты, не башкаларды ээрчибейт, “өз жолу менен арымдай берет”,- деп айтты ал. Батышты болсо белорус оппозициясын гана колдоп жатканы үчүн сынга алып, саясий оппоненттерин “улутбезерилери” деп атады.

Жергиликтүү байкоочулар Лукашенко 2011-жылы дагы бир мөөнөткө президент болуп шайланганга аракеттенет дешет.

Белоруссиялык саясий комментатор Вячеслав Орхиш болсо Лукашенкону бийликтен кеткенге аргасыз кыла турган социалдык-саясий жагдайлар бар экенин белгиледи. Анын айтымында, “андай күн алыс эмес”.

XS
SM
MD
LG