Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

ИРАН: БЕЛУЖИСТАН БАЙПАЙГА САЛА БАШТАДЫ


Ирандын түштүк-чыгыш аймагындагы Захедан шаарында дүрмөттөлгөн машина жарылып, он бир киши набыт болду. Бул иш үчүн жоопкерчиликти сүннүлөрдүн экстремисттик уюму өзүнө алды. Топтун беш мүчөсү кармалды.

Окуя Белужистан провинциясындагы Захедан шаарында болду. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун тандалма бригадасын тартып бараткан автобусту кан жолдо капыл-тапыл пайда болгон мотоциклчен адамдар аткылап киришкен. Алардан качып кутулганы автобус катуу ылдамдыкта баратып жол ортосуна көлдөлөң коюлган машинага туш болгон. Дал ушул маалда буктурмада отургандар дүрмөттөлгөн машинаны жардырып жиберишкен.

Окуя болгон жерден жергиликтүү журналисттердин бири дүрмөттөлгөн машинадан таптакыр эчтеме калбаганын, солдаттарды тартып бараткан автобустун да тамтыгы чыгып талкаланганын кабарлады. Провинциянын аскер командачысы жалпысынан он бир киши набыт кетип, отуздан ашууну жарадар болгонун ырастады. Бирок ал ислам сакчылары арасынан канча жоокердин өмүрү кыйылганын айткан жок.

Андан кийинки маалыматтарда окуя үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү сүннүлөрдүн “Алланын лашкерлери” аттуу экстремисттик тобу өзүнө алганы,алардын беш мүчөсүн полиция кармап, камаганы айтылды.

Захедан шаары – сүннүлөр басымдуулук кылган Белужистан провинциясынын административдик борбору. Регион коңшулаш Пакистан менен Ооганстанга жуук болгондуктан бул жерде маң заттары менен аткезчилик кылган кылмыштуу топтор менен полиция көп кагылышып турат. Ушул аптанын башталышында эле коопсуздук күчтөрүнө куралдуу кишилер кол салып, экстремисттердин бири өлгөн эле. Ал эми айдын алгачкы күндөрүндө алар жергиликтүү төрт полицменди атып кетишкен.

Белужистанда мындай окуялардын бат-бат болуп турганын айрым байкоочулар жергиликтүү сүннүлөр менен шейиттердин ортосунда соңку жылдары күч ала баштаган мазап аралык аразга да жоруп жүрүшөт. Ал эми жергиликтүү калк акыркы кездерде коога-калба, кагылыштар күчөгөнүн коом ичинде ишенимдүүлүк жоголуп баратканы менен байланыштырышат.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун тандалма отрядына кол салган кечээки окуя региондо Тегеран бийликтерине куралдуу каршылык көрсөтүүнү көздөгөн күчтөр баш көтөрө баштаганын да билдириши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG