Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

ID КАРТА КАЙ ЖЕРДЕ ЖАРАКТУУ?


Мындан ары Кыргызстандын жарандары Орусиянын аймагына ички паспорт же башкача айтканда ID карта менен кире алышат. Бул өткөн жылдын аягында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда түзүлгөн ноталык келишимдин негизинде ишке ашты. Бирок ошол эле учурда Кыргызстандын ички паспортун Казакстан менен Өзбекстан тааныбайт.

Кыргызстандын 2004-жылкы үлгүдөгү ички паспорту Орусиянын чегарасынан кирүүгө уруксат берилген документтердин катарына киргизилди. Бул боюнча эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери 2006-жылдын 9-декабрында келишишкен эле. Аталган документти Орусия тарап макул деп тапканы тууралуу кечээ Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматына Орусиянын Тышкы иштер министрлиги нота жөнөткөн. Калкты эмгек менен камсыз кылуу жана миграция комитетинин жетекчиси Айгүл Рыскулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча эми мындан ары Кыргызстандыктан тышкы паспортсуз эле Орусияга окууга, иштегени жана туристтик максат менен бара алышат:

-Буга чейин Кыргызстандык жарандар Орусияга 1994-жылкы жана 2004-жылкы үлгүдөгү паспорттор менен, эгер жашы жете элек бала болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кире алышчу. Эми ошол документтердин катарына ички паспортубузду да кошуп алдык.

Айгүл Рыскулова бул жетишкендик эң биринчи Кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн жеңилдик болорун кошумчалады.

Бирок айрым байкоочулар ички паспорт менен Орусияга кирүүгө мүмкүнчүлүк алдык деп тебетейди көккө ыргытып, кубанууга эрте экендигин айтышууда. Анткени темир жол менен жүргөн кыргызстандык жаран Орусияга Казакстан аркылуу барат. Ал эми казак мамлекети Кыргызстандын ички паспортун чегарадан өтүүгө уруксат берилген документ катары тааныбайт. Демек, мындай учурда тышкы паспорт кыргызстандык жаранга баары бир зарыл болот. Мындай пикир ээлеринин бири Нурдин Абдыжапаров бул келишимди али чийки деп эсептейт:

-Орусия тааныган менен Казакстан тааныбайт да. Алар өткөрбөй турса кантебиз? Баарынан кызыгы ушунда болуп жатпайбы.. Орусияга темир жол менен Казакстан аркылуу гана барат да. Учак менен учканга бардык кыргыздын эле дарамети жете бербейт.

Мындан тышкары Кыргызстандын ички паспорту Орусияга аба жолдору менен барган учурда жарактуу болобу деген да суроо туулбай койбойт. Анткени Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда аба каттамдарын камсыздаган аба компаниялары Кыргызстандын ички паспорту менен билет сатууга көнбөшү ыктымал дешет байкоочулар.

Ошондой эле кечээ Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы визасыз каттам боюнча эки тараптуу келишим күчүнө кирди. Бул боюнча өзбек бийлиги кыргыз тараптын берген нотасын тастыктаган нота жиберген. Келишим эки өлкөнүн жарандарына 60 күндүн аралыгында визасыз каттоого мүмкүндүк берет. Тышкы иштер министрлигинин түштүктөгү өкүлү Бактыбек Юсуповдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, бүгүн Ош жана Карасуу шаарларындагы чегара постторунда жарандардын визасыз кирип-чыгуусу башталды:

-Мен бүгүн өзүм барып көрүп келдим. Өзбекстандык чегарачыларга да көрсөтмө түшүптүр. Визасыз кирип-чыгуу болуп жатат. Эми Өзбекстан аркылуу Казакстанга, Казакстандын Чымкент облусунан Ошко өтүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Бактыбек Юсуповдун айтуусунда кыргыз жарандары Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, үч күндөн көп жүрө турган болсо, бул аралыкта каттоого турууга тийиш. Ошондой эле Өзбекстандын чегарасынан кирүүгө уруксат берилген документтер да такталган. Алардын ичине Кыргызстандын ички паспорту кирген эмес.

Эки мамлекеттин ортосунда визасыз каттам ачылганын карапайым жарандар да кубаттоо менен кабыл алышууда. Виза каттамы бар учурда эки тараптын тең чегарачылары болбогон шылтоо менен кыргыз-өзбек жарандарынан акча алууга аракет жасашчу деген айрым Өзбекстандык жарандар буга чейин да “Азаттыктын” кабарчысына өз пикирлерин билдиришкен эле.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары эки өлкөнүн ортосунда визасыз каттамга мүмкүнчүлүк түзүлүүсү менен чегара кызматкерлери тарабынан болуп жүргөн мындай жагымсыз көрүнүштөр азайса керек деп үмүттөнүшүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG