Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

САНКТ-ПЕТЕРБУРГДА ӨЗБЕКСТАНДЫКТАРГА КОЛ САЛЫШТЫ


Төрөкул Дооров, Москва Кечээ кечинде Орусиядагы Санкт-Петербург шаарына жакын жерде өзбекстандык эки жаранга белгисиз бирөөлөр кол салышкан. Натыйжада өзбекстандыктардын бирөөсү көз жумду, экинчиси оор абалда ооруканада эс-учун жоготуп жатат.

Өзбекстандык Фагрет Наимов менен Павел Колондаров Петербуркка 15-февралда келишкен. Эмне максат менен барышканы азырынча белгисиз. Бирок шаарга келишкенине бир күн болбой жатып, жума күнү кечкисин шаардын чет жакасында ондон ашуун жаштардан турган топ аларга кол салат. Алар баары мас абалында болгону айтылууда.

Натыйжада Фагрет Наимов денесине көп жолу бычак жеп, жеринде көз жумат. Экинчи өзбекстандык Павел Колондаров да өлгөн деп табылган эле. Бирок, түнкүсүн саат 3:00 чамасында ал тирүү экени, эсин жоготуп, терең комада жатканы аныкталды. Мушташ учурунда анын башына катуу доо кеткени кабарланууда.

Санкт-Петербург шаардык прокуратурасы Орусиянын Кылмыш кодексинин 105-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул берене боюнча «адамды өлтүрүш үчүн атайын кол салган» кылмышкер алты жылдан 15 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Азырынча прокуратура кылмышты «улуттук жек көрүүчүлүктөн» болгон деп тааныбай турганын айтып жатат.

Москвадагы «Сова» аналитикалык борбору Орусиядагы улутчулдук көрүнүшүн көптөн бери кылдат изилдеп келаткан топтордон. Анын башчысы Александр Верховский «Азаттыкка» билдиргендей, азырынча окуя боюнча бир жыйынтык чыгарууга эртелик кылат.

- Албетте, жаштар арасында жөн гана мушташуу деле болуп турат деңизчи. Бирок ондон ашуун адам эки чет-өлкөлүк кишиге кол салып жатканы мунун жөн гана мушташуу экенинен күмөнсүндүрөт. Тетирисинче, бул уюшулган чабуул болушу мүмкүн, - дейт Александр Верховский.

Анын айтымында, бул өңдүү окуялар соңку жылы Орусияда көбөйүп баратат. «Эң коркунучтуусу – улутчул жаштардын колунан мурдагыдай бирин-экин эмес, көп сандагы адамдар жапа тартып жатканы байкалууда», - дейт Верховский. Дагы бир жагынан, анын айтымында, Петербургдагы окуя боюнча прокуратура азырынча улуттук жек-көрүүчүлүк версиясын карабай жатышы деле жаңылык эмес. Адатта милиция чет-элдиктерге кол салуу болсо, аны «адам өлтүрүү» болгон деп гана карайт, кийин иштин жыйынтыгында ага «башка улуттагы адамды жек көрүүчүлүк менен өлтүргөн» деген өзгөртүү киргизилиши мүмкүн.

Иши кылып, Петербургдагы кылмыш боюнча иштин жыйынтыгын жакын арада билүү мүмкүн эместей. Мындай иштер, адатта, узакка созулат. Милиция азырынча күнөөлүүлөрдү таба элек. Болгону жакынкы райондордон ондогон жаштарды суракка алып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG