Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

ЙЕРУСАЛИМДЕ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ БОЮНЧА ЖАҢЫ ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 19-февралда Йерусалим шаарында АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын катышуусу менен Израил жана Палестинанын жетекчилери Эхуд Олмерт жана Махмуд Аббастын жолугушуусу болуп өттү.

Айрым саясатчылар бул жолугушууну үч-тараптуу саммит деп атаса, башкалар аны расми эмес жолугушуу деп гана мүнөздөдү. Кондолиза Райс өзү "ал-Арабия" сыналгысына жыйын алдында берген интервьюсунда бул жолугушуудан орчундуу жыйынтык чыгаарын күтүп кереги жок деп билдирди. Анын айтымында, жакшы баса элек балдарды чуркатканда, алардын бири жыгылып кетиши мүмкүн, ошондуктан бул жолугушууну кандайдыр бир ири америкалык демилге деп кабыл албаш керек жана Вашингтон жөн гана пикир алмашуу жыйынын өткөрүп, Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу жараянын жандантууну каалайт.

Жыйындан кийин Райс айым журналисттерге жакын арада жаңы жолугушуулар боло турганын билдирди: "Төрага Аббас менен премьер Олмерт жакын арада жаңы жыйын өткөрүү жөнүндө макулдашты жана тараптар - андай жолугушууларга АКШ дагы катышса жакшы болот деген пикир билдирди. Алар - эки тарап ортосундагы кыйынчылыктарды жоюп, регионалдык жана эл аралык колдоого ээ болуп, тынчтык орнотуу үчүн биргелешип аракеттенүү жөнүндө сүйлөштү", - деди АКШ мамлекеттик катчысы.

Жекшемби күнү болсо Райс айым Рамалла шаарында жөөт премьер-министри Эхуд Олмерт жана Палестина автономиясынын төрагасы Махмуд Аббас менен эки башка жолугушуу өткөрүп, тараптардын талаптарын уккан. Аббастын айтымында, автономияны чыныгы эгемендүү мамлекетке айлантуу ишин алдыга жылдыруу керек жана ал тууралуу так программа түзүлгөнү жакшы.

Жума күнү болсо Эхуд Олмерт телефон аркылуу АКШ президенти Жорж Буш менен сүйлөштү жана тараптар Палестинанын жаңы түзүлүп жаткан өкмөтү Израилди таанып, террордук аракеттерден баш тартмайынча, Вашингтон менен Тель-Авив аны эч качан тааныбайт деп макулдашты.

Палестинада былтыр өткөн парламенттик шайлоодо ХАМАС уюму жеңип чыккан, бирок ал түзгөн өкмөттү Батыш мамлекеттери жана Израил тааныбай, ага жардам көрсөтүүнү токтоткон, анткени ХАМАС террордук уюм болуп эсептелинет. Натыйжада 7-8-февралда Мекке шаарында ХАМАС менен Аббастын ФАТХ кыймылы ортосунда өткөн жолугушууда тараптар - жаңы улуттук биримдик өкмөтүн түзүү келишимине келди, ошондуктан автономия азырынча өкмөтсүз.

Меккедеги жыйында тараптар - Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму жана Араб лигасы мурда кол койгон келишимдерди аткарууга милдеттенме алган, ал документтердин арасында болсо Израил менен түзүлгөн келишимдер да бар, бирок Батыш мамлекеттери - Израилди таануу боюнча ачык чечим кабыл алынбай калганын жактырган жок.

Шаршемби күнү болсо Берлин шаарында Жакынкы Чыгыш боюнча квартеттин жыйыны өтөт жана ага АКШ, Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги жана Орусиянын өкүлдөрү катышууга тийиш.

XS
SM
MD
LG