Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Беларус өкмөтү жарандарынын укуктарын одоно бузууда


Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин адам укуктары боюнча жылдык докладында айтылат. Президент Александр Лукашенконун режими түрмөлөрдү саясий атаандаштарына басым жасоо үчүн колдонууда деп айтылат докладда. 2006-жылы март айында өткөн шайлоодон кийин нааразылык акциясына чыккан миңге жакын адам камакка алынган. Ушул эле докладда Борбор Азиядагы адам укуктары тууралуу дагы айтылат. Анда өзбек өкмөтү эки жүздөн ашуун бейөкмөт уюмду жапкандыгы жана журналисттерди куугунтуктагандыгы үчүн сынга алынган. Кыргызстанда түрмөдөгү шарттар жакшы жака өзгөргөндүгү кечээ чыккан докладда белгиленди.

XS
SM
MD
LG