Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

ОРУСИЯНЫН ОН ТӨРТ РЕГИОНУНДА ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ


Муса Мураталиев, Москва Бүгүн Орусиянын 14 регионунда жергиликтүү депутаттарды шайлоо өтүп атат. Бул жолку өтүп аткан шайлоонун өзгөчөлүгү катары, анализчилер бюллетендерден мурдагы «баарыга каршы» деген бөлүгүнүн алынып ташталышын эсептешет. Андан сырткары 10 регионго добуш берүүчүлөрдүн канчасы келсе ошоночо келүү тартибин киргизилгендигин айтышат. Петербург, Москва жана Дагестанда биринчи жолу депутаттарды шайлоо партиялык тизме менен өтмөкчү. Шайлоолорго бул жолу баш аягы 14 партия катышууда. «Бирдиктүү Орусия», КПРФ жана ЛДПР бардык региондордо катталган. «Яблоко» - төрт, ал эми СПС (солчулдар күчү союзу) – 9 региондо катталган.

БШК төрагасы билдиргендей 11-мартта бери дегенде үчтөн бир орусиялык чоңдор шайлоого катышмак. Ошондой эле 31 миллилон киши шайлоого катышууга тийиш деп айтылган.

Бүткүл Орусия федерациясын ала келгенде ар кандай деңгээлдеги шайлоолор 70 аймакта өтүп атат.
Бул шайлоодо анализчилер чөйрөсү улам-улам айткан кеп, оппозиция маселеси болуда. Эмне дегенде Кремлдин партиясы деп аталган «Бирдиктүү Орусия», же болбосо азыр да Мамдуманын үчтөн эки орунун ээлеп олтурган бул партиянын жеңишке жетишери эч кимди күмөн санатпайт. Ал саясий күчтүн расмий өкүлдөрү бул жолку шайлоодо талашып аткан жалпы орундун 44,9 пайызын ээлеше тургандыгын айткан.
Бийликтин партиясына оппозиция болгудай күч катары, жакында үч партия биригип уюшулган жогорку палата төрагасы Сергей Миронов жетектеген «Адилет Орусияны» эсептесе болор эле дешет. Бирок, ал да Кремлдин колдоосун таап уюшулганын айтышат. Ал партиянын Краснодардагы төрагасына орун басар Иван Харченко бийликти колдой тургандыгын жашырбайт:

-Биз Путин президентти колдойбуз, аны танбайбыз жана андай жазагыбыз да келбейт.

Натыйжада жекшембиде бардык шайлоо өткөн жерлерде бийликтик эки партияга каршы тура турган күч коммунистер менен ЛДПР өкүлдөрү болорун айтышат. Эски либералдар атанган «Яблоко» менен солчулдар күчтөрүнүн союзу (СПС) аймактарда каттого алынуусу катаал болуп, жарышка көп жерлерде кошулбай калышкан.

Эксперттер баамында өлкөдө эки же андан көп партиялык системанын жаралышы табыйгы түрдө өнүп чыгышы керек. Аларды байлыгы барлар же бийлик ээлегендер уюштура коюп алгылыктуу партияга айлантам деш натура иш.

Ал эми шайлоолордун өтүп атышы турасында азырынча малыматтар ар кыл. Маселен, Маскөө алдындагы Одинцево кыштагында № 1758 шайлоо бекетинде бир топ мыйзам бузулар болгону дайын болду. Аны ал бекетте көз салуучу Марина Кваликова билдирди:

- Үйдөн добуш берүүчүлөр эсеби 90 болсо ага бараткандар 160 добшу берүү бюллетенин алып кетишти.

Экинчи мисалда, ошол эле бекетте элде «айлампа» деген ат менен жазалчу паспортун улам кайра берип, башкалар деп добуш берүү болгонун айтат. Анын баары акчага жазалганын жана ал жерде бети ачылып катталганын айтат.

Аймактарда жүрүп аткан шайлоолордо бардыгы 632 мандат үчүн ат салышуу болуп атат. Жергиликтүү мыйзам чыгаруу органдарга өтүү үчүн партияларга 7пайыздык өткөөл эрежеси киргизилген.

Анализчилер баамында бул жолку шайлоолор декабрда өтө турган Мамдуманы шайлоого карата көрүлүп аткан даярдык. Ал эми бир жылдан кийин президентти шайлоо өтөт эмеспи, ошолордун камын жеп күйпөлөктөө деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG