БАГДАД. Ирактын Тал-Афар деген жеринде куралчан киши суннилер жашаган шаардын 45 тургунун атып өлтүрүп салды. Андан бир нече саат мурда шаардын шиилер жашаган чөлкөмүндө бомбалардан 55 киши курман болгон эле. Бул окуядан кийин шаарда коменданттык саат киргизилди.