Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

АЗИМ ИСАБЕКОВ КЕТТИ, АЛМАЗ АТАМБАЕВ КЕЛДИ


Премьер-министр Азим Исабеков кызматынан чегинди. Сонку маалымат боюнча Алмаз Атамбаев премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Президент Курманбек Бакиев бул жөнүндө ырасмий жасаган билдирүүсүндө өлкөдө тополоң чыгууга жол бербеш үчүн жана бардык саясий күчтөр ишенген өкмөттү түзүү үчүн Азим Исабеков кызматынан чегингенин билдирген. Мамлекет башчы ошондой эле премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Алмаз Атамбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин каросуна киргизиле турганын жана ага жаңы өкмөттүн курамы боюнча бардык саясий күчтөр менен кеңешип, сунуштарды киргизүү тапшырылганын белгилеген. А.Атамбаевдин өмүр баяны төмөндө. (KCh)

АТАМБАЕВ Алмазбек Шаршенович

1956-жылы Чүй областынын Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган. Билими жогорку, Москвадагы Башкаруу институтун бүтүргөн.
1999-жылдан бери «Форум», «Кыргыз автомаш», «Электротехник» АК, «Агромаш» конструктордук технологиялык институту» АК өнөр жай тобунун директорлор кеңешинин төрагасы. 1999-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

Эмгек жолу


1980-1981-жылдары Кыргыз ССРинин Байланыш министрлигинин инженери.

1981-1983-жылдары Фрунзе шаарындагы ДУ-4тө, башкы инженер.

1983-1987-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунда иштеген.

1987-1989-жылдары Фрунзе шаарынын Эл депутаттарынын Биринчи май райондук Советинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары.

1989-жылы «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасын уюштуруп, аны жетектей баштаган.

1995-2000-жылы КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты.

1997-1999-жылдары "Кыргызавтомаш" акционердик коомунда башкы директор.

2005-жылы Экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу жана министри.

2006-жылы министрликтен өз каалоосу менен арыз жазып кеткен. Андан кийин "Реформа үчүн" кыймылынын теңтөрагасы болуп иштеген.

2006-жылдын ноябрында болгон митингде чоң роль ойногон.

2007-жылдын 29-мартында президент К.Бакиевдин жарлыгы менен А.Атамбаев премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

XS
SM
MD
LG