Ачкачылык жарыялагандар ошентип бүгүн эски аянтта алтынчы күндү тосууда. Акциянын башында тургандардын бири Бекназаров Орунов түн тынч өткөнүн, башка тараптардан эч кандай чагымчыл аракеттер болбогонун эртең менен «Азаттыкка» билдирди. Нааразылык чаранын катышуучулары үчүн эски аянтка тогуз боз үй тигилген. Бүгүн эртең менен аянтта болгон кабарчыбыз акыркы маалыматтар боюнча, акциянын катышуучуларынын саны жүздөн ашканын кабарлады.(SM)