Ага ылайык комбинаттын финансылык абалын жеңилдетүү үчүн алган насыяларын жана алардын үстөгүн төлөөнүн мөөнөтү узартылган. Салык төлөөдө жеңилдиктер берилген. Өнөр жай товарларын сатып алууда атамекендик товар өндүрүүчүлөргө артыкчылык берүү тийиштүү министрликтерге тапшырылган. Бишкек камволдук нооту комбинаты 1995-1996-жылдары Япония жана Германия насыяларын алып, ар кандай шарттарга байланыштуу карызга баткан. (AiT)