Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

А.АТАМБАЕВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА УЛАНАТ


22-апрелде Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги бөлүмүнүн жетекчиси Кубат Оторбаевди кабыл алып, интервью берди. Премьер-министр "Кыргызстандын кең келечеги үчүн" бириккен фронтту жетектеген генералдарды жаштардын канын кызытып, митингге алып чыгып, кийин аларды таштап коюп, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнүн аракетинде жүрүшөт деп сынга алды. Өкмөт башчы сөзүндө ошондой эле конституциялык реформа, экономикадагы оор абал, алтын кендерин иштетүүдөн чыккан проблемалар тууралуу суроолорго да жооп берди.

- Алмаз мырза, 19-апрелде Бишкекте болгон окуялардын алкагында оппозициянын Ф.Кулов баштаган мүчөлөрү Улуттук коопсуздук кызматы боюнча комитетке сурак берип чыгышты. Азыр да сурак, тергөө иштери уланып жатат. Митингге катышкан бир топ кишилер милициянын абактарында жатышат. Укук коргоочулардын айтымында, оппозицияны Бакиевдин бийлиги куугунтукка ала баштады. Сиздин кечээки эле санаалаштарыңыздын ушундай абалда туруп жатышына, алардын сурак берип жатышына, айрым жаш балдардын абакта кармалып турганына сиз кандай мамиледе болуп турасыз?

- Биринчиден, менин кечээки шериктештеримдин бирөөсү да абакта жаткан жок жана жатпайт. Башчылары баш болуп, калгандары төш болуп жатпайт. Алар кутулганды билет. Бирок айтып жатпайсыңбы кээ бир жаш балдар абакта жатат, деп. Сен видео тасмаларды көрдүң. Жөн эле көчөдөн бирөө машина айдап баратса, чуркап барып таяк менен терезеге уруп жатса, жөн эле көчөдө баратып айнектерди сындырып жатышса, аларга биз рахмат айтып, медаль бермек белек. Документалдуу катталган кылмыштары үчүн жооп бериш керек. Албетте, чоңдору, лидерлери кутулуп кетет. Менин ага көзүм жетип турат. Бирок жок дегенде кийинкиге сабак болсун да. Жөнү жок эле адамды же машинаны урганга болбойт экен, дүкөндөрдү талкаласа болбойт экен деп элди көндүрүш керек да.

- Оппозициянын өкүлдөрү айтып жатышат, өткөндө парламенте талкуу болгондо депутат Темир Сариев дагы айтты – чагымды ошол бийлик тараптан уюштурулган адамдар жасады, бизде тартылган видеотасмалар бар деп?

- Эми андан башка сөз айтышмак беле, Кулов деле айтып жатпайбы биздин тиешебиз жок, деп. Анда ошол элди мен же сен алып чыктыңбы? Айтыла турган сөз. Айтып жатпаймынбы, эч кандай күнөөбүз жок деп чыгат. Ошолорго ишенип 11-апрелде бийлик алмашат, 19-апрелде бийлик алмашат, деп эйфория болгон, жанагы терезе, айнектерди талкалаган жаш балдар эле жооп берип калат аягында. А чоңдор кутулуп кетет. "Биз эл үчүн жүрөбүз, биздин эч кандай тиешебиз жок", деп коюшат. Демек, анда ошол митингдерди сен уюштурдуң же мен уюштурдум.

- Митингдин бир талабы – башында ушул конституциялык реформа эле да. Сиз баштаган топ дагы парламентке бир долбоор сунуш кылдыңыздар эле. Оппозиция менен сүйлөшүүлөр мындан ары дагы уланабы? Депутат Кубат Байболов башында турган топ дагы бир долбоор сунуш кылып жатат – балким ортодон иштелип чыккан орток долбоор сунуш кылынабы же сиз башында турган топтун долбоору Жогорку Кеңеште каралабы?

- Эгерде бул митингдин чын эле талабы реформа болсо баардыгы башкача болмок. Мисалы, 19-апрелдеги болгон окуяга чейин эле биз Байболов, Сариев болуп чогуу отуруп, бир келишимге келгенбиз, ачыгын айтканда. Мен айткам: «балдар, мунун арты жаман бүтөт, аягында күнөөсү жок 14-15 жаштагы балдар жооп берип калат. Силер го кутулуп кетесиңер, генералдары, прапорщиктери төш болуп кутуласыңар, катардагы солдатыңар, жаш балдар жооп берет» дегем. Ошондой эле болбодубу. Мен сүйлөшүүдөн эч качан качпайм. Дайыма сүйлөшүүгө даярмын. Ошол эле абакта жаткандар боюнча Турсунбек Акун мага телефон чалды "Исмаилова, Абдурасуловалар абактарга киребиз" деп жатышат, деп. Мен айттым, "мейли анда жолугалы" дедим. Дүйшөмбү күнү жолугам. Мени билесиң, мен өзүмдү бул жакта бийликтеги оппозициянын өкүлү катары эсептейм. Бирок, оюндарды жаман көрөм. Акты ак, караны кара деш керек. Эч кандай реформа жөнүндө сөз болгон эмес. Негизги максат, сөз мындай болчу да: «11-апрелде бийлик алмашат, 19-апрелде бийлик алмашат». Сөздөн качпаш керек да. Кандай жол менен алмашмак экенин аны эми генералдан, алардын чоңдорунан сурагыла да.

- Башкы прокуратуранын иши боюнча. Бир топ депутаттар Камчыбек Ташиевдин парламенттеги жүрүм-туруму боюнча башкы прокуратурага кайрылышкан экен. Ал боюнча башкы прокурор Жогорку Кеңеште айтты – К.Ташиевдин жүрүм-туруму Жогорку Кеңештин этика комитетинде каралышы керек, деп. Ошол эле убакта бир канча депутаттар 14-апрелдеги Акүйдүн жанындагы мушташ боюнча башкы прокуратурага кайрылып, оппозциядагы 4 депутатка өзүмбилемдик кылган деп кылмыш ишин козгош керек дешти. Башкы прокурор менен сүйлөшүп жатасызбы? Адамдардын укугун коргоодо, ишке мамиледе кош стандарттуулук болуп калбайбы?

- Жаңы эле баш прокурор менен сүйлөштүм. Ал дагы жекшемби күнү иштеп отурат. Мен айттым "эч кандай ашачапкандык болбосун, кайрадан Акевдин мезгилиндей болуп, кээ бир саясатчыларды баатыр кылбайлы. Алар ошону эле күтүп жатат" деп.

Эгерде Ташиев парламентте бир кызуу кандуулук кылса, мен билбейм эмне кылганын.

А бирок 14-апрелде аянтка колун байлап, алып чыгып кээ бир депутаттар сурак кылып жатат, ошол сурак болуп жаткан учурда кээ бир жигиттер барып аны тээп кетип жатышат. Бул эми жакшы эмес да. Ички иштер министри барса бербей жатат. Жекече сурак болгону чын да. Керек болсо "самосуд" болгон. Бардык нерсенин чеги бар. Мына билесиңер, митинг башталаар алдында башчысы айтып жатпады беле, провокация болсо биз сүрүп салабыз дешкен. Өзүлөрү болсо качып жүрүшөт. Жакшы дагы, милиция кызматкерлери сактап калды. Талап-тоноочулук болгон жок. Сөз менен чындыктын айырмасы чоң болуп жатпайбы. Ошонун баарын көрүш керек.

- Мындан ары эми оппозициянын өкүлдөрү менен президент катышкан, сиз катышкан сүйлөшүүлөр болобу?

- Мен дайыма сүйлөшөм. Мына 19-апрелден жыйырмасына оогондо, түнкү бирден кийин ушул жерде отуруп алып, үч жарымга чейин сүйлөштүк. Ошол эле Сариев, Байболов баары келди. Анткени мындай да, биздин мамлекетибиз бир, оппозиция болобу, позиция болобу чогуу жүрүш керек. Бирок жанагындай оюндарды ойноп, анан четке чыгып алып "менин тиешем жок" деген жаман нерсе. Кыргызстанча айтанда, уят да.

- Эми мындан ары конституциялык реформа уланабы?

- Сөзсүз уланат. Анткени, конституциялык реформа бүтмөйүнчө Кыргызстан тынчыбайт.

- Анан мындай деген пикир бар, сиз жетектеген топ сунуш кылган Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоордо премьер-министрдин укуктары көбөйүп жатпайбы. Бул жаңы бир конфликттин очогу, башаты болуп калышы мүмкүн, деген бир пикир бар. Анткени президент менен премьер-мининстрдин ортосундагы тирешүү чыгышы мүмкүн, премьер сунуш кылган талапкерди президент бекитпей, макулдук бербей коюшу мүмкүн, ошондо Украинадагыдай кырдаал Кыргызстанда дагы түзүлүшү мүмкүн дешет?

- Биринчиден, бул калп. Биздин долбоордо баланс, баардыгы бар. Ар бир кадр маселеси боюнча дагы премьер, президент, парламент катышып, баардыгы биригип макулдашып чечишет. Сүйлөп жаткандарга кандай вариант койсоң дагы жакпайт. Аларга бир гана өзүлөрүнүн варианты өтүш керек. «Биздин вариант өтөт, бийлик алмашат , эч кимди укпайбыз» дешет. Бул орустун «я начальник, ты дурак» дегенине окшойт. Кыргыздын дагы бир сөзү бар «өзүңдү эр көрсөң, башканы шер көр» деген. Мындай, эки жакты караш керек да. !Бизди 90 % эл колдойт! деп, беш миң жаш балдарды алдап алып чыгыш, бул уят да. Кыргыздын дагы бир макалы бар: «айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат» деген. Көздү ачыш керек. Бардык нерсеге реалдуу караш керек.

- Алмаз мырза, сиз былтыр айттыңыз эле – акүйгө кирип, бийлик алгандардын баары ажыдаарга айланып кетип жатат, деп. Өзүңүз ажыдаардын кейпин кийип калбаш үчүн эмнелерди жасап жатасыз?

- Биринчи ирет менин вариантымды карасаңар. Конституцияга толуктоолорду, өзгөтүүлөрдү киргизүү деген вариантта мыйзам боюнча ал кабыл алынча мен биринчи отставкага кетем. Мына биринчи мен өзүм отставкага кетип жатпаймынбы. Макул мен кетейин, парламент каалаганын шайлап алсын. Ал жакта билесиңер «Атамекен» фракциясы бар. Алар мисалы, Куловду көрсөтсүн. Сариевдин фракциясы бар. Ал Сариевди көрсөтсүн. Байболовду бирөө көрсөтсүн. Мүмкүн Атамбаевди бирөө көрсөтөт. Мен кармаган жокмун кызматты. Кызмат колдун кири. Мунун баары өтөт, кетет.

- Экономикадагы абалды кандай деп мүнөздөйсүз? Кризистен чыгыш үчүн кандай идея, программаларыңыз бар?

- Эми экономикадагы абал өтө начар. Кыргызча айтканда «кайда барсаң Мамайдын көрү». Бирок, экономиканы кантип көтөрүш керектигин мен көрүп турам. Көзүм жетип турат. Көтөрсө болот. Бирок, ошол эле убакта буга жалаң эле өкмөттүн күчү жетпейт. Ошол эле парламент бизге бир топ мыйзамдарды кабыл алып бериш керек. Мисалы, «Кристаллды» элге кайтаруу боюнча, Камбарата-1, Камбарата-2 боюнча чоң мыйзамдарды кабыл алып бербесе, саясатты кичине токтотмоюнча, экономиканы көтөрө албайбыз. А менин көзүм жетип турат. Кыргызстандын экономикасын көтөрсө болот. Керек болсо быйыл мыйзамдарды кабыл алып берсе парламент, жылдын аягына чейин эле жылыш болот. Элдин көзүнө көрүнөт.

- Сиз жакында Таласка барып келдиңиз. Жерүй кенин тагдыры кандай болчудай? Элге берген убадаларыңызды аткарчудайсызбы?

- Элге рахмат. Таласка бардык. Албетте, барганда билесиңер жол жабуулар болуп жаткан. Мени менен бирге барган кээ бир журналисттер коркуп кетип бул жакка ар кайсы маалыматты бериптир. Элибизден айланса болот. Мен минтип айтар элем. Сүйлөшүүлөр, «Жерүй» жана «Андаш» компаниялары тууралуу болду. Мага бир топ кысым кылышты. Мен айттым «мен эми Атамбаевмин, кысымдан коркпойм, мен биринчиден карайм, эмнеси чын, эмнеси калп экенин, анан кийин бир чечимге келем, анан силерге келип бир айдан кийин жооп берем» дедим. Анткени мындай да, эл кысса эле мындай кылыш керек деген болбойт да. Эл деле адашат да. Анын арасында көрбөдүмбү жүрөт бир тараптуулар. Баарын такташ керек. Ал компаниялардын пайдасы барбы, зыяны барбы. Мисалы, «Жерүй» боюнча бир уулуу калдыктар суунун боюна сакталганы жаткан экен. Мен аны картадан көрүп эле дароо тыюу салдым. Токтоткула, дедим. «Андаш» компаниясы боюнча дагы проблемалар бар. Көз карандысыз байкоочуларды чакырдык. Азырынча айтыш эртерээк. Бирок, албетте суроолор бар. Өзгөчө «Андаш» компаниясы тууралуу суроолор бар. Эгерде «Андашы» болобу, «Жерүйү» болобу, зыяндуу болсо анда бул компаниялар иштетилбейт. Эгерде пайда болсо анда иштейт. Мен өз чечимиме жооп берем. Элге да барып түшүндүрүп, далилдеп берем.
Проблемалар бар эксперттер, илимпоздор карашсын. Анткени, мисалы, премьер барып туруп эле «Андаш» компаниясы иштебейт деп койсо, 35 миллион доллар айыппул төлөйт экенбиз. Мындай болбош керек.

- Кумтөр боюнча азыркы өкмөттүн позициясы барбы? Же мурдагы келишимдин алкагында эле иштей бересиздерби?

- Албетте, улутташтыруу, кайра күч менен артка кайтарып алуу дегенге барсак анда Кыргызстандын келечегин жайлайбыз. Анда Кыргызстан менен тегеректеги эч бир өлкө эсептешпей калат. Кыргызстандан чыккан товар болобу, алтын болобу анын баары айыппулдарга, жазаларга кетет. Бирок, мурункудай иштесек да болбойт. Мен ошон үчүн Кумтөрдүн кожоюндарына кат жаздым. «Биз мыйзамдарды сыйлабыз, бирок, минтип иштесе да болбойт. Келгиле сүйлөшөлүк» дедим. Алар деле кичине кудайдан коркуш керек да. Элибизге ал компаниядан пайда түшүш керек да. Эмнеге Кумтөргө окшогон ишканалар, Жерүй болобу, баары тендерсиз мындай эле кетип калган. Ошон үчүн мен айттым, эгерде бир жеринде бир жылчыгы бар болсо, ошондой алтын кендерди же заводдорду кайра алалык деп. Ошентип иштеп жатабыз. Мына, буюрса «Кристалл» маселеси чечилип жатат. Талдыбулак 30-апрелде билинет. Кайтарып алабызбы же жокпу. Эгерде кайра алсак ошондой алтын кендер, албетте, анда алар тендерге коюлат.

- Сотто каралабы?

- Жок. Юристтер бар да. Мен деле кагаздарды караганды билем. «Кристаллдан» таптык. Бул ишкана элдик болот буюрса. Кеминдеги Талдыбулакта да жылчык бардай көрүнүп жатат. А ошол эле Кумтөрдөн, Жерүйдөн табыш кыйыныраак экен. Эгерде бир жолу табылса, мамлекетке алып башкача иштеттиребиз. А бирок жолу жок болсо, күч салып, бекитебиз дегенде Кыргызстандын келечеги жок болуп калат. Анда Африкадан да жаман болуп калабыз.

- Жаз келип, курулуш иштери башталганда эле Канттагы цемент-шифер заводунун иши кызуу талкууга түшөт. Цементтин баасы кымбаттап кетет, ал аз келгенсип табылбайт. Шыйпыр кымбаттап кетет адатта. Быйыл жагдай кандай болот?

- Ушул минанын баарын убагында Аскар Акаев коюп кеткен да. Ошол миналар азыр жарылып жатпайбы. Ачыгын айтканда, иштеп жатабыз, аны дагы ойлоп жатабыз. Кандайдыр бир жолун тапсак деп. Анткени, албетте, элибизге боор ооруп жатат.

- Жазгы талаа иштери - өкмөттүн түздөн-түз милдеттеринин бири. Быйыл жазгы талаа иштери кандай жүрүп атат?

- Эми өкмөттүн бир жери бар экен. Дайыма кеч калат экен. Жазгы иштерди жазда карадык. Мен айттым - бул туура эмес. Жазгы иштерди күзүндө караш керек. Жок дегенде кышында караш керек. А биз мына кеч карап ошол эле чечимдер кеч аткарылып жатат. Андыктан күзгү иштерди май айында карайбыз. Май айында чечебиз. Канча күйүүчү май каякка барат, кайсы баа менен кандай үрөн менен ушундай кылыш керек. Орустардын макалы бар «готовь сани летом» деген.

- Акыркы суроом, Алмаз мырза, сизге премьер-министр катары парламентте ишеним көргөзүлүп жатканда суроо берилди эле – президенттин бир туугандары өкмөттүн иши көп кийлигишет деген маалыматтар бар, сиз ушуга каршы кантип турасыз дешти эле. Сиз ушу менен кантип күрөшөп жатасыз?

- Ал Бакиевдин тегерегиндеги адамдарга жараша болгон. Ошол эле премьер-министрлерди көрбөдүңөрбү, мына бүгүн шыбап жатат. Кечээ эле экс-премьер-министрмактап жатпады беле "Жаныш Бакиевдей адам жок" деп. Менин мүнөзүмдү билесиңер мага бир туугандары же башка бирөөлөрү телефон эч качан чала албайт. Менин ишиме кийлигише албайт.

- Сизге «Азаттык» үчүн интервью бергениңизге ырахмат!

- Элибизде тынччылык болсун, сага да ырахмат!

XS
SM
MD
LG