Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

АДВОКАТ КАСЫМБЕК РАЙЫМКУЛ УУЛУ: 19-АПРЕЛДЕ ЭЛДИН АРАКЕТИНДЕ КЫЛМЫШ БЕЛГИСИ ЖОК


“Азаттыктын” маектеши адвокат Касымбек Райымкул уулу.

- Тигил, же бул кылмышка шектүү деген адамды камоо катардагы көрүнүш. Кээ бирде бул соттун чечими менен ишке ашырылат. Ал эми Кыргызстанда азырынча прокурордун санкциясы менен. Биз айтып жаткан фактылар чоң саясий окуялардын соңунан болуп отурат. Учурда оппозициянын Субаналиев, Абдрахманов өңдүү өкүлдөрү камакта экени кабарланууда. Эгер камоо мөөнөтү үч күндөн ары узартылса, аларга айып коюлушу мүмкүн. Кандай айып болушу ыктымал?

- Аларга азыркы күндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 233-беренеси менен айып коюлушу мүмкүн. Анткени, ошол кодексте каралган массалык башаламандыктын уюштуруучусу катары 3 бөлүмү болот. Ошонун биринчи бөлүмү боюнча кылмыш козгоп, айып коюшу мүмкүн. Бирок алардын кыймыл аракетинде эч кандай кылмыштын белгиси жок. Себеби ошол кылмыш кодексинин 233-беренсенин биринчи бөлүмүндө уюштуруучулук деп атпайбы. Ошондо массалык башаламандыкты уюштуруучулук, же ал жерде кылмыш аракети, же погром, же буюмдарды өрттөө болуш керек. Бирок ал жерде 19-апрелде элдин кыймыл аракетинде кылмыштын белгилери жок.

- Ошол беренеде кандай жаза каралган?

- Берененин биринчи бөлүгүндө 8 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат деп жазылган уюштурганы үчүн. Ал эми экинчи бөлүгүндө массалык башаламандыкка катышканы үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин жазылган. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө башаламандыкка чакыруу жүргүзүү, же мыйзамдуу талаптарга баш ийбөөчүлүк болот, анда 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат деп жазылган.

- Негизинен сиздин пикирде 19-апрелдин кечиндеги окуялар массалык башаламандыкка жатпайбы?

- Жок. Аны телеберүүлөрдөн элдер байкап атпайбы. Ал жерде уруксат алынган тынчтык митинги жүрүп атат, убакыт чектелген эмес. Анын үстүнө көчөдө болуп атат. Эч кандай коркунуч жок. Дагы кайталап коюшум керек, ал жерде баш ийбөөчүлүк, күч колдонуу, өрттөөчүлүк жок. Мисалы Франциядагы көрүнүштөрдү карасаңар жөн эле көчөдөгү машинелерди алып алып өрттөп атпайбы. Бул жерде агрессивдүү көз караш бар, бирок ал дагы бийлик тараптан уюшулган. Анткени биз күндүз эле байкаганбыз, күндүз кара кепкачан болчу бийлик тараптагы жигиттер, кечинде ак кепкачан болуп калыптыр. Ошолор анча-мынча нерсени ыргытуу менен гана провокация кылды.

- Козголгон кылмыш иштери эгер соттук келечеги жок болсо, аны козгогон органдын чечими менен эле жабылабы. Мисалы өткөн ноябрдагы митингдер боюнча дискетгейт боюнча иш козголгон. Андагы оппозициячы Алмаз Атамбаев премьер-министр болгондон кийин бул иш жабылды. Бир канча киши сурак бергени белгилүү. Ушулардын бары саясий чечимби, же укуктук чечимби сиздин көз карашта?

- Бул чын-чынына келгенде саясий чечим деп айтам. Анткени ошол жердеги Калпетов Бакыт боюнча мен адвокат болгом. Дискетгейт боюнча Калпетов Бакыт бечара жөнөкөй жигитке келип тийген өзгөчө. Аягында келип өзүңүздөр билгендей ал эки тараптын кепке келиши менен бүттү, сот атайын ошого алып келди, эч кандай жоопко тартуу болгон жок. Дагы деле ошол кайталанып атат. Атамбаев бийликке баргандан кийин ошонун урматына, же аны алдоо менен аны токтотту. Эми дагы эле ошол кайталанып атат. Мунун келечеги жок болгондон кийин коркутуп-үркүтүү гана деп эсептейм. Бул азыркы бийликтин кетирип аткан кемчилиги. Анткени бул кадамдар менен бийлик элди өзүнө каршы коюп атат. Андан көрө отуруп эми тынчтык келди, Конституциялык реформага баралы, элдердин талаптарын аткаралы деген болуш керек болчу. Бул элдерди кайра толкунга алып келбегенге шарт түзүп атат.

- Бөлүшкөн ойлоруңузга ырахмат.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG