Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

10:30 Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңеш Камбарата ГЭСтерин менчиктештирүү тууралуу мыйзам долбоорун карайт


Парламенттин жылуулук-энергетика комитетинин маалыматы боюнча өткөн жума күнү аталган комитетте “Токтогул ГЭСинин өзгөчө макамы” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө жаңы долбоорду талкуулаган. Бул долбоорго ылайык Жогорку Кеңештин жылуулук-энергетика комитетинин мүчөлөрү Камбарата ГЭСтеринин курулушу боюнча түзүлүүчү тендердик комиссиянын курамына кире алышат. Ошондой эле жаңы мыйзам долбоорунда “концессия” (“ижарага берүү”—автор) деген сөз да калтырылды. Комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев Камбарата-1; 2 ГЭСтерин менчиктештирүүгө тыюу салуучу мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө депутаттар каршы болушпайт деп ишенерин билдирди.

XS
SM
MD
LG