Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

ОРУС-БРИТАН МАМИЛЕЛЕЛЕРИ БУЗУЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Былтыр ноябрда Лондон шаарында Александр Литвиненкону өлтүргөн деп күнөөлөнгөн Андрей Луговойду орус бийлиги Лондонго өткөрүп бербей жатканы менен байланыштуу Британия Орусияга каршы катуу чараларды көрө баштады. Маскөө дагы тийиштүү жооп бере турганы жөнүндө билдирүүдө жана чатак ырбап баратат.

Дүйнөнүн тиги же бул өлкөсүндө кылмыш жасап, кийин Лондонго качып келип жашаган адамдарды британ бийлиги өзү ал мамлекеттерге көп кармап барбейт. Бирок Андрей Луговойдун иши - өзгөчө окуя. Британ тергөөчүлөрүнүн айтымында, былтыр күзүндө ал кеминде эки жолу Лондонго келип, британ жараны Александр Литвиненкону радиоактивдүү зат менен ууландырган.

Литвиненко 23-ноябрда ооруканада каза болгон жана быйыл май айында британ прокуратурасы Луговойго күнөө коюп, аны Лондонго өткөрүп берүүнү талап кылганда, Луговой Маскөөдө атайын маалымат жыйынын уюштуруп, Литвиненкону Британиянын коопсуздук кызматы өзү өлтүргөн деп чыккан. Аны Орусиянын маалымат каражаттары кеңири чагылдырган жана британ эксперттеринин пикиринде, кылмышкерди кармагандын ордуна, аны мамлекеттик сыналгысы аркылуу көрсөтүп, баатыр кылып жаткан орус бийликтеринин аракеттери түшүнүксүз. Орус конституциясы боюнча, соттоо үчүн орус жарандары чет мамлекеттерге берилбейт.

Андан тышкары, Луговойду кармап берүү жөнүндөгү Лондондун талабын президент Владимир Путин "келесоолук" деп атаган жана британ бийлигине орус өкмөтүнүн маселеге болгон ушундай мамилеси өтө жакпайт. Июндун башында ал кездеги премьер Тони Блэрдин жардамчысы - адам өлтүрүүнү тергеп, кылмышкерди таап-жазалоону көздөгөн аракеттер келесоолукка жатпайт деп жооп берген.

16-июлда болсо Британиянын жаңы тышкы иштер министри Дэвид Миллибанд парламент алдында чыгып сүйлөп, Луговойдун иши боюнча Орусия кызматташпай жаткандыктан, төрт орус дипломаты өлкөдөн чыгарылып, орус жарандарына британиялык виза берүү чектелет деп жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги көрүп жаткан аракеттерди премьер-министр Гордон Браун дагы колдоду:

- Лондон шаарында адам өлтүрүлүп, дагы жүздөгөн кишинин өмүрүнө коркунуч түзүлгөн. Аны көз карандысыз прокуратура тергеп чыкты. Алар ким күнөөлү экенин жана ким соттолуш керек экенин ачык айтышты. Биздин оюбузча, орус бийлиги кызматташууга тийиш, бирок, тилекке каршы, азырынча андай болбой жатат. Ошондуктан биз - көрүлгөн кадамдай аракет кабыл алыш керек болчубуз жана биз ишенебиз, бул маселе жакын арада чечилет", - деди Браун 16-июлда Берлин шаарынан.

Орус Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Михаил Камынин болсо ошол эле күнү Британиянын аракеттерин "бузукулук" деп мүнөздөдү:

- Лондондун туруму бузукулук. Ал гана эмес, анын мынчалык провокациялык аракеттери жоопсуз калбайт деп Лондон ойлобош керек жана жалпысынан алганда, орус-британ мамилелерине олуттуу зыян тийет, - деди Камынин 16-июлда.

17-июлда Лондондогу орус элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага - кайсы төрт дипломат Британиядан кетиш керек экени айтылды, алар орус элчилигиндеги орто деңгээлдеги кызматкерлер. Маскөө азырынча өз жообун жарыялай элек, бирок айрым депутаттар - Орусиянын аракеттерин сынга алгандан мурда, Британия өз саясатында тартип орнотуп алууга тийиш деп айтууда. Британиянын аракеттери орустардан себепсиз коркуу деп да аталууда.

XS
SM
MD
LG