Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:02

ЖҮЗ ЖЫЛДА – ЭЛ, МИҢ ЖЫЛДА - ДҮЙНӨ ЖАҢЫ


2015-жылга чейин жакырчылыктын санын эки эсеге азайтуу, кедей өлкөлөргө оорчулугун салган социалдык маселелерди чечүү аракети Түндүк жана Борбор Азия мамлекеттеринде кандайча ишке ашырылууда? Кыргыз өкмөтү эларалык уюмдар менен биргелешип өткөргөн Бишкек жыйынында мына ушул маселелер талкууланды.

Ал милдеттер жалпысынан оор социалдык проблемалардын айланасында топтолгон. Эң орчуну жана көп өлкөлөр үчүн аткарылышы кыйынга турчу маселе – жакырчылыктын санын жок дегенде эки эсеге азайтуу. Эларалык уюмдардын эсеби боюнча итке минген кедей деп күнүмдүк жашоо-тирилиги 1 доллардан ашпаган адамдар эсептелет. Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын чөлкөмдүк борборунун өкүлү Гашек Сукровскинин айтуусунда, жакырчылыктын санын азайтуунун мындай чен-өлчөмү Түндүк жана Борбор Азия мамлекеттери үчүн анчалык деле татаал проблема эмес.

- Миң жылдыктын өнүгүү максаттары иралды Африка өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын эске алуу менен сунуш кылынган. Ошондуктан бул программанын биздин өлкөлөргө катышы анчалык деле эмес. Жакырчылык тууралуу кеп кылсак, бизде ал бир күнгө бир доллар менен өлчөнбөйт. Дагы, маселен, аялдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү боюнча да эч кандай проблема жок.


Г.Сукровски миң жылдыктын өнүгүү максаттары ар бир чөлкөмдүн өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен түзүлүшү керек. Жаамы дүйнөлүк глобал проблеманы жергиликтүү талап-шарттарга ыңгайлаштыруу зарыл. Ансыз, Г.Сукровскинин айтуусунда, программанын максат-милдеттеринин өтөлүнө чыгыш мүмкүн эмес. Ушуга үндөш ойду Улуттар уюмунун Экономика жана социалдык комиссиясынын (UNESCAP) чөлкөмдүк аткаруу катчысынын орунбасары Шигеру Мочида билдирип, социалдык проблемаларды ар бир өлкө өз алдынча чечерине басым жасады.

- Бардык эле өлкөлөр акыркы мөөнөт катары 2015-жылды коюп жатышкан жери жок, биртоп өлкөлөр башка убакты белгилешүүдө. Дагы бир жолу кайталап коеюн, биз азыр белгиленген мөөнөттүн жарымында гана турабыз. Ошондон кайсы өлкөлөр ийгиликке жете албай каларын болжол куруш кыйын.

Ш.Мочидо биртоп өлкөлөр жакырчылыкты азайтуу, башка социалдык маселелердин кыйласын ийгиликтүү чечип коюшканын айтып, ушу тапта алар миң жылдыктын башка максаттарынын өтөлүнө чыгуу аракетин көрүп жатышканын маалымдады. Андай өзгөчөлүк Кавказдан Кытайга, Монголияга чейинки аймакты ээлеп жаткан Борбор жана Түндүк Азия өлкөлөрүнө деле тиешелүү экенине Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ашраф Малик токтолду.

- Чөлкөмдүк өзүнчөлүктүн миң жылдыктын өнүгүү максаттарына шайкеш келген көрүнүшү катары Кавказдан Кытайга чейин кызматташуунун, карым-катыштын өнүгүшүн айтсак болот. Бир жагында Кытай базары, дагы бир жагында өзгөчөлүү Ооганстан базары турат.

А.Маликтин ырасташынча, экономикалык карым-катнаш деңиз жолунан ыраак жайгашкан өлкөлөр ортосунда биртоп ыкчам жүрүүдө. Эл турмушунун аз-аздан оңоло башташы жаңы талаптарды коюуда. Маселен, Кыргызстанда билим алуу мүмкүнчүлүгү жетишерлик болгону менен анын сапаты жайында талаштуу пикирлер айтылып келатат.

Адистердин пикиринде, Миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жетүү кедей өлкөлөрдүн экономикалык ыкчам өнүгүүсүнө шарт түзүп, өкмөт көңүлүн оор социалдык проблемаларга бурууга жардам бермекчи.

XS
SM
MD
LG