Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:13

ТҮРКИЯДА - ШАЙЛООЛОРДУН ШАЙЛООСУ


Аким Өзгөн, Тынчтыкбек Чоротегин. Бүгүн (жекшемби күнү) Түркияда 550 орундуу парламентке (Улуттук мажлиске) шайлоо өткөрүлөт. Бул жалпы шайлоо, айрым серепчилердин оюна караганда, секулярдык системаны сактап калуу маселеси боюнча референдумга тете болууда.

Кечээ (ишембиде) Түркияда шайлоо өнөктүгү расмий түрдө соңуна чыккан эле. Шайлоо мыйзамына ылайык, эми саясий партиялар аянттарда, сыналгы жана үналгы сыяктуу массалык маалымат каражаттарында жана башка жайларда өздөрү үчүн үгүт жүргүзө албайт.

Түркия көп партиялуу системага өткөндөн берки мезгилде ушуну менен он алтынчы ирет парламенттик шайлоого барууда. Добуш берүүгө 42,5 миллион шайлоочу катыша алат. Парламенттеги 550 орун үчүн 14 саясий партия ат салышмакчы. Жалпы талапкерлердин саны 7394 (анын ичинен 699у – партияда жок талапкерлер).

Ал эми жума күнү (20-июлда) күрттөрдүн учурда тыйуу салынган ДЭП партиясынын мүчөсү, он жылдай камакта жатып чыккан күрт саясатчысы Лейла Зананын расмий Анкарага кыр көрсөткөн жана, премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, “шайлоонун атмосферасын уулантып, элди козутуу максатында” айткан сөздөрүнө күбө болду.

Зана айым чыгыштагы Ыгдыр шаарында бир жыйында чыгып сүйлөп: “Эми Түркиянын түрдүү штаттарга бөлүнүү убактысы жетти” деп чыкты. Анын оюнча, Түркия федерациялык штаттарга жиктелүүгө тийиш. Зананын пикирине караганда, күрт козголоңчуларына карата жалпы мунапыс жарыялоо жана Күртстан вилайетин түзүү – заман талабы.

Өкмөт башчы Эрдоган бул саясатчы айымдын пикирин кескин сынга алды жана прокурорлорду мындай сөз айткан кишиге карата “өз милдеттерин аткарууга” чакырды.

Террорчу уюм катары тыйуу салынган марксисттик партия ПККнын жактоочуларынын соңку айларда Анатолиянын чыгышында куралдуу каршылык аракеттеринин улам күчөшү жалпы өлкөдөгү улутчул маанайдын ого бетер өсүшүнө түрткү болду.

Шайлоо өнөктүгүн террорго каршы күрөш жана Түндүк Ирактагы ПККнын жашыруун өргүү жайларына аскердик чабуул коюу сыяктуу ураандардын астында өткөргөн Улутчул Аракет Партиясы (МХП) бул жаңы парламенттик шайлоодо кыйла ийгиликке жетишүүсү ыктымал катары жоромолдонууда.

Мындай кырдаалды исламчыл АК (Адилеттик жана Өнүгүү) партиясы да көңүл сыртында калтырган жоктой. Бул партиянын өкүлү, өкмөт башчы Эрдоган шайлоочуларга кайрылган маалында шайлоодон соң өлкө аскери Түндүк Иракта аскердик иш-чара жүргүзүшү мүмкүн экендигин эскертти.

Келээрки аптада Анкарага Ирак премьер-министри Малики иш сапар менен келиши күтүлүүдө. Эрдоган өзүнүн ирактык кесиптеши менен Түндүк Иракта ПККчылардын террордук аракетин ооздуктоо маселесин талкуулай турганын да белгиледи.

Жекшембиде өткөрүлүп жаткан парламенттик шайлоодо, бир чети, исламдык баалуулуктарды чыңдоону мүдөө туткан исламчыл АК партиясына карата жалпы калайыктын учурдагы мамилеси да айгинеленмекчи. Айрым адистер жана серепчилер бул шайлоону Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген секулярдык мамлекеттин саясий келечеги менен байланыштырууда.

Арийне, исламчыл ураанга жамынган менен, АК партия да Түркияны Европа Биримдигине мүчөлүккө кошуу үчүн ырааттуу далаалат кылып келет. Бул партиянын сынчылары болсо бул аракетти тактикалык усул катары баалап шектенишүүдө.

Экинчи чети, жекшембидеги шайлоо Түркиянын демократиялык багыты үчүн да аныктоочу учур болуп калмакчы. 73 миллиондуу калкынын басымдуу көпчүлүгүн (99 пайыздайын) мусулмандар түзгөн бул өлкө көп партиялуу тизмеге негизделген шайлоодо жалпы, тикелей жана эркин добуш берүү аркылуу прогрессивдүү партияларды колдоор бекен?

“Экономист” журналынын түркиялык кабарчысы Амберин Заман айымдын “Азаттыкка” билдиришинче, 2002-жылы добуштардын 34 пайызын жеңип алган АК партиячылар быйыл деле башкалардан көбүрөөк добушка жетишүүсү ажеп эмес.

Балким, АК партиясы быйылкы жеңүүчүлөрдөн болуп калган чакта деле заманага шайкеш адым жасай алган, сабырдуулукту ураан туткан, демократиялык коомдук талаптарды аткарууга алпурушкан реформачыл исламчылар партиясы катары мындан ары жаңылана берээр?

Ал эми секулярдык мамлекеттик түзүлүштүн түркүгү катары өзүн санаган түркиялык генералитет бул шайлоонун жыйынтыгынан кандай сабак алаар экен?

Айтор, Түркиядагы бүгүнкү шайлоо жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулук үчүн түйүндүү суроолордун чордонуна айланды.

XS
SM
MD
LG