Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

ТҮНДҮК КАВКАЗДА АБАЛ БИРДЕ ТЫНЧ, БИРДЕ КООГАЛУУ


Муса Мураталиев, Москва Кийинки учурда түндүк кавказдагы жумурияттарда абал кыйла курчуган. Июлдун этегинде белгисиз бирөөлөр Ингушетия президентинин админстрациясы менен ал жумурияттагы ФСБ имаратын автомат жана гранат атчу куралдар менен аткылашкан. Түндүк Осетияда да абал коогалаңдуу дешет. Чеченстанда бул күндөрү мыйзамсыз куралданышкан эки топту колго түшүрүшкөн. Кечээ дайын болгондой эми ал жумурияттарда коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Маселен, Ингушетиянын ИИМ күчтөрү Орусиянын ички аскерий күчүнүн катышуусу менен үч эсеге көбөйтүлгөн. Ошол эле учурда ырасмий бийлик Чеченстанда ички абалдын ырааттуу экенин айтып, ал тургай жаңы курулган «Грозный» учактык майданынан Москвага эл тынбай каттап калганын айтат.

Атынан аптап айтканда, Ингушетияга жума күнү орусиялык 2500 аскерден турган ИИМдик күч киргизилди. Ага кошумча жумуриятка танапташ келген аймактардан брону бар ондогон техника киргизилди. Мындай кабарды Орусиялык Ички иштер министрлиги аскеринин маалымат кызматынын жетекчиси Василий Панченков айтат.

Назран калаасында буга чейин орусиялык 126-полктун 700 гана аскери болгон. Бирок жагдай анча аскердин шаасы келбей калган абалга жеткенде Маскөө кошумча күч киргизген. Полковник Панченков айтканга караганда курал алып, ал жерлерде кармашып аткан жикчилдердин Ингушетия жумуриятына өтүп кетпеши үчүн алдын-ала чара көрүү болуп атат жана ошол жикчилдерден элди тазартуу болот деп ИНТЕРФАКС агенттигине билдирген.

Ошондой эле чара борбордук бийлик Түндүк Осетияда да баштаган. Назрандагы «Укук демилгеси» уюмунун жетекчиси Арсен Сакалов айтканга караганда, Орусиялык ИИМ аскерлеринин тобу баш калаага кирди дегени менен көчөлөрдө коопсуздук орной элек. «Алар Малгобек жана Сунжен райондорунда өрүүн алышууда. Назрандын көчөлөрүндө мурдагыдай эле ингуш милициясы менен автоинспекциясынын кызматкерлери көзөмөлдүктө турушат. Атайын кызматтагылар атуулдар камын жебей эле чындыгында «тазалоо» жүрүштөрүн жасаш үчүн келишкен» деген.

Орусиялык өйдөкү палатанын сенатору Иса Костоевдин айтымында аны түндүк кавказдык демейдеги көрүнүш катары кабылдоо керек:

- Жергиликтүү элди кез-кези кой-ай деп эсин чыгарып коюп турган жакшы. Мен дайыма Ингушетиянын «даңктуу» милициясы милдеттүү кызматын жакшы аткарганда федералдык күчтүн ал жакта эч кереги болмок деймин.

Түндүк кавказдын дагы бир жумурияты - кармаш он жыл бою басылбаган Чеченстанда үстүдөгү жылдан тартып ырааттуулук орногонсуду дешет. Бул туурасында орусиялык анализчилер айтышат жана «Грозный» учактык майданынын пайдаланууга берилиши буга күбө дешет.

Рамзан Кадыров бийликке келгенден соң 2001-жылы иши башталып, бирок федералдык каржылоосу тыйылып калгандыктан токтоп турган Грозныйдын кыйырындагы учактык майданды үч айдын ичинде кайра курдуртуп бүткөн. Маскөө менен Чеченстандык баш калаага учуучулар жол кире 4500-5500 рублей экенине карабай эми элдин күн сайын уча башташканын айтышат.

XS
SM
MD
LG