Абдулла Гүл мындан бир нече ай мурда да президенттикке талапкердигин коюп, бирок өтпөй калган эле. Ага каршы секуляристтер массалык демонстрацияларды өткөрүп, динден ажырым мамлекеттин сакчылыгында турган түрк армиясы кийлигише турган болуп барып токтогон.
Бирок өткөн айдагы парламенттик шайлоодо исламга негизделген бийликтеги АК партиясы добуштардын басымдуу бөлүгүн жеңип алып, армияны да, секуляристтик элитаны да ооз жапты кылгандай болду.
Президент болуу нийетинен тайбаган Гүл АК партиясынан башка бир компромисттик талапкерге ордун берет деген оппозициянын үмүтүн таш каптырып, бүгүнкү шайлоого кайра талапкер болду.
Биринчи айлампада Гүлдөн башка дагы эки талапкер депутаттардын элегине түшөт. Себахаттин Жакмакоглу мурда коргонуу министри болгон, анын талапкeрдигин оңчул Улуттук аракет партиясы көрсөткөн. Үчүнчү талапкер Тайфун Ижли чакан Демократиялык солчулук партиясынан.
Экономист журналынын Түркия боюнча кабарчысы Амберин Замандын Азаттыкка билдиришинче, президент болуп шайланыш үчүн талапкер добуштардын үчтөн экисин алыш керек, оппозиция колдобогон Гүл буга жете албайт.
Калган эки талапкер да өтө албайт, себеби аларды парламентте көпчүлүктү түзгөн АК партиясы колдобойт. Экинчи айлампада да добуштардын үчтөн экиси талап кылынат. Бирок Заман үчүнчү айлампада Гүл жеңип чыгат деп ишенет:
– Үчүнчү айлампада ага добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү жетиштүү болмокчу. Парламентте 550 депутат бар, алардын 341и анын бийликтеги АК партиясынын мүчөлөрү. Демек анын үчүнчү айлампада өтүп кеткидей даремети бар.
Гүл Түркиянын секулярдык жоболорун сактоого жана бардык түрктөрдүн президенти болууга сөз берген. Бирок динге дит койгон Гүл өкмөт башчысы, дагы бир эски исламчы Режеп Тайып Эрдоган менен биригип алып, Түркиянын динден ажырым мамлекеттүүлүгүн акырындык менен чабалдантат деп кооптонгон секуляристтерди ынандыра алган жок.
Ошол эле мезгилде Гүл Түркияны модернизациялоо жаатындагы өзүнүн конкреттүү аракеттерин бетке кармай алат. Акыркы жылдары ал Анкаранын Европа Биримдиги менен жакындашуусуна багыттоочу күч болуп келди, анын натыйжасында Түркия 1960-жылдары алгачкы жолу мүчөлүккө арыз бергенден бери биринчи ирет Евросоюз менен мүчөлүк боюнча түз сүйлөшүүлөр башталды.
Жаңыл Жусубжан, Прага