Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

МУКАР ЧОЛПОНБАЕВ: БАКИЕВДИН БИЙЛИКТИ КАРМАП ТУРУУГА ДАРАМЕТИ ЖЕТПЕЙТ


Парламенттин экс-спикери, учурда “Кыргызстанды сактоо” кыймылынын кеңешинин мүчөсү Мукар Чолпонбаев таңкы “Азаттыктын” коногу болуп, өлкөнүн Баш мыйзамы тууралуу ой бөлүшкөн.

- Мукар мырза, мына сиз Кыргызстандын эгемендик жылдарында кабыл алынган Баш мыйзамдардын баарына каршы экенине билдирип келесиз. Бир гана Конституцияны колдоп жүрөсүз. Бул 1993-жылкы Баш мыйзам. Анын авторлорунун бири экениңиз дагы маалым. Бирок, ал мыйзам бүгүнкү күндүн шарттарына жараша өзгөртүлүшү керек дедиңиз. Ал кандай шарттар. Ушуга токтоло кетсеңиз.

- Эми негизинен шарттар өзгөрүлүп жатат деп айтып келебиз. Негизги Конституция бул эмнени чечиш керек. Бул өкмөттүн, бийликтин структурасын аныктаган саясий укуктук документ болуп эсептелет. Мына ошондуктан ага өтө эле көп өзгөртүүлөрдү кайра-кайра киргизе берүүнүн эч кандай кызыкчылыгы жок. Анткени ар кимибиз ар кайсы убакта өзгөртүү киргизген сайын ошол кездеги бийликтин же болбосо күчтүү топтордун кызыкчылыктарын колдогон, коргогон өзгөчөлүктөр болуп калышы мүмкүн. Андыктан биздин жалпы “Кыргызстанды сактоо” кыймылынын көпчүлүгү 1993-жылкы Конституцияны алып келип, аны бүгүнкү турмуштун шарттарына эле ылайыкташтырсак эле туура болот эле деген талаптарды коюп жатышат.

- Ал кандай шарттар?

- 1993-жылкы кабыл алынган Конституция боюнча ал жерде “адамдардын укуктары” деген жагы эл аралык хартияга толук жетише албай калган. Мына ошол өзгөчөлүктөрдү киргизсе болот эле. Калгандары болсо бийликти бөлүштүрүү системасы толук эле келтирилип, негизинен президент өзү мамлекеттин башчысы болгону менен өкмөткө да, аткаруу бийлигине, мыйзам чыгаруу бийлигине, сот бийлигине анчалык терең кийлигише албай тургандай болуп калган эле. А эгер терең кийлигише турган болсо анда ал үстөмдүк кылып калат экен дагы, жеке бийликке алып келе тургандыгын биздин турмуш көрсөтүп жатпайбы.

- Күзүндө бийлик менен оппозиция ортосунда диалог түзүүгө аракеттер болот деген кабарлар айтылып жатат. Эгер ошондой болуп калса, сүйлөшө турган маселелердин эң башкысы да конституциялык реформа болоору ачык эле болуп калды. Бирок, сиз азыркы президент Курманбек Бакиев күзүндө Конституциянын жаңы долбоорун сунуш кылаарынан күмөн санаарыңызды айтып жүрөсүз. Мындай ишенимге эмне себеп болуп жатат?

- Курманбек Салиевич конституциялык реформаны шайлоо бүткөндөн кийин эки айдын ичинде өзгөртүп берем деп убада бергенине эки жылдын жүзү болду. Ошондон бери эч жылыш жок. Андан кийин мына 2006-жылы 30-декабрда жана 9-ноябрда дагы ошондой эле реформаларды ал башка күчтөрдүн басымы менен гана жүргүздү да өзүнүн ушундай бийликти кармап турууга мүмкүнчүлүгү, кудурети жетпей тургандыгын да бир жолу далилдеп койду. Андан кийин өкмөттүн башчысы Алмазбек Атамбаевге талап койду “эми сен конституциялык реформаны өткөрүп бергин”,- деп. Ал болсо долбоорун даярдап Конституциялык сотко бергендей болду эле. Ошол бойдон жатат ал долбоор. Ал эми кийинки кездерде Курманбек Салиевич айтып калды “өкмөттүн долбоору бар, азыркы өкмөтүбүз өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү болбой калат экен. Мен өзүм Конституциялык реформа жүргүзүп, эгерде Конституциялык сот макулдугун бере турган болсо, парламент макулдугун бере турган болсо, анда жалпы элдик референдумга алып чыгам”,- деп айтып жатат. Бул да болсо Конституциялык реформанын улам андан ары чоюлуп, узара бере тургандыгы көрүнүп турат. Бул болсо канчалык убада бергени менен аткарылбай турган маселе экенин көрсөтүп турат.

- Мукар мырза, бүгүнкү кайсы шарттарда өлкөдөгү саясий күчтөр, тараптар биригип, кандай ылайыктуу Конституцияны тандап алат деп ойлойсуз?

- Эми негизинен кандай бийликтин формасын тандап алабыз, ушул жөнүндө эле сөз болуп жатпайбы. Парламенттик форма болобу, президенттик болобу же аралаш форма болобу деген сөз да. Эми парламенттик формага кире турган болсок, Кыргызстандын шартында толук парламенттик форма деле өзүн-өзү актай албайт экен. Жеке бийлик бере турган президенттик форманы алып келсек, бул деле Кыргызстанга анча жараша бербей турганы көрүнүп жатат да. А эгер президенттик-парламенттик форманы ошол 1993-жылдын формасына алып келип кабыл ала турган болсо, өтө күчтүү эмес президентти коюп, ал эми күчтүү парламентти жана өкмөттү коё турган болсо кыргыз элине ылайык келе тургандыгы ачык эле көрүнүп турат. Биздин талаптар ушундай болчу.

- Маегиңизге ырахмат.


Маектешкен Төрөкул Дооров, Прага

XS
SM
MD
LG