Бүгүн Сокулук районундагы Новопавловка айыл өкмөтүндө жаңы курулуп жаткан жүз элүүдөй үй буздурулду. Негизинен дубалы тургузулуп, чатырлана элек үйлөр кулатылды. Чатырланып калган үйлөрдүн ээлерине, чатырларын алып кеткенден кийин бузулат деп үч күн мөөнөт берилди.