Татар президенти Минтимер Шаймиев бул сунушту - 10-сентябрда Казан шаарында ачылган Төртүнчү Валдай конференциясы учурунда айтты. Анын пикиринде, Орусиядагы бийликке Владимир Путин келгенден кийин борбордук бийлик күчөтүлгөнү жакшы болду, анткени анын алдында өлкө анархияга батып бараткан, ошондуктан Путин көргөн чаралар туура болгон. Бирок азыр бийлик калыбына келтирилди жана өлкөдө стабилдүүлүк орноду, ошондуктан эми Федерацияга кирген жумурияттар менен региондордун укуктарын кайрадан көбөйтсө болот. Мындай өнүгүү Орусиянын өзүнүн демократиялык келечеги үчүн гана жакшы болот, деп айтты Шаймиев.
Андай өнүгүүнүн биринчи кадамы катары жумурияттар менен региондордун мыйзам чыгаруучу жыйындарынын укуктарын кеңейткен туура болот. 2004-жылы Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепте террорчулар бир миңден ашык адамды барымтага алып, үч күндөн кийин ал барымта кандуу аяктап, үч жүз элүүгө жакын адам курман болгондон кийин Путин - региондор жана жумурияттардын президенттери менен губернаторлорун шайлоо ыкмасын токтоткон.
Азыркы эреже боюнча, андай кызматтарга талапкерлерди президент өзү көрсөтөт жана жергиликтүү мыйзам чыгаруучу жыйындар аларды бекитүүгө тийиш. Эгер президент сунуштаган талапкер ал жыйындарда жетиштүү добуш чогулта албай калып, кызматка бекитилбесе, жаңы мыйзам боюнча андай жыйындарды таркатып жиберүү мүмкүн.
Шаймиевдин айтымында, мындай эреже азыр учурга туура келбей калды жана аны өзгөртүү керек: "Менин оюмча, мыйзам чыгаруучу жыйындарын таркатып жиберүү боюнча эреже туура эмес. Мен аны мурда да айтканмын, азыр дагы айтып жатам. Менин ишенимимде, келечекте жагдай өзгөрөт. Мыйзам чыгаруучу жыйындар мыйзам чыгарыш керек, алар бүткүл эл тарабынан шайланат, ошондуктан акыркы сөз ошолордуку болуш керек", - деди Шаймиев 10-сентябрда.
Анткен менен ошол эле жыйында Шаймиев - Федерацияга кирген эч бир жумурият же башка регион андан бөлүнүп, өз алдынча аракеттенип кетүүгө умтулганынан эч пайда чыкпайт деп да билдирди. Анын айтымында, Татарстан өз келечегин Орусия Федерациясынын курамында гана көрөт, анткени азыр Орусиянын толук демократиялуу мамлекетке айлануу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Аны менен катар, Шаймиевдин айтымында, демократиялык федерация куруу - жөнөкөй мамлекет куруудан алда канча татаал, ошондуктан Орусиянын курамындагы бардык региондор бир багытта аракеттенүүгө тийиш.
Валдай клубу 2004-жылы "РИА Новости" агенттиги жана башка бир нече уюмдун демилгеси менен түзүлгөн, анын биринчи конференциясы ошол эле жылы Орусиянын Новгород дубанындагы Валдай аймагында өткөндүктөн, ушундай атка ээ болгон. Анын жыйындары ар жыл сайын сентябрда өткөрүлөт жана аларга эл аралык эксперттер дагы катышат. Азыркы Төртүнчү конференция эки күнгө уланып, 10-11-сентябрда Казан шаарында өттү, анын ишине 12 мамлекеттен келген жүзгө жакын өкүл катышты, алардын арасында АКШ, Алмания, Улуу Британия, Жапония, Испания, Швейцариядан келген эксперттер дагы болду.