Премьер Михаил Фрадков кызматтан кетээри тууралуу көптөн бери айтылып келген, бирок анын ордуна эки биринчи вице-премьер министрдин бири - же Сергей Иванов, же Дмитрий Медведев дайындалат деп күтүлгөн. 12-сентябрда Фрадков кызматтан чегингени жөнүндө жарыялагандан кийин Путин - анын ордун ким басаары тууралуу эч нерсе деп айтпастан Чувашияга кетип калды. Дал ошол мезгилде Кремилге жакын саясатчылар - жаңы премьер болуп Иванов дайындалаары - чечилген иш деп билдирген.
Анткен менен көп өтпөй Мамлекеттик думанын төрагасы Борис Грызлов жарыя жасап, премьерлик кызматка президент Росфинмониторингдин башчысы Виктор Зубковду сунуштаганын билдирди. Бул окуя бардык аналитиктерди таң калтырды. 1990-жылдардын башында Зубков Санкт-Петербург мэриясында Путиндин орун басары болуп иштеген.
Орус Илимдер академиясынын Социология институтунда иштеген Мария Мацкевичтин айтымында, Кремилдин саясатын түшүнүү кыйын: "Мындай суроого - Кремилдин ичинде эмне болуп жатканын жакшы билген жакын саясатчылар гана жооп бере алат. Сырттан карап, мындай саясатты түшүнбөйсүң. Окуяларга аралашкандар болсо же жооп бербейт, же мурдагыдай эле дезинформация айтат. Бул - бийликтин саясаты тууралуу биз мурда ойлоп жүргөндүн баары туура эмес жана Орусиядагы өнүгүүдө туруктуулук менен ишенимдүүлүк жок экенинин белгиси болушу мүмкүн", - дейт Мацкевич.
Америкалык "Тайм" журналынын Орусияда мурда иштеп кеткен кабарчысы Пол Квин-Жаждын айтымында болсо, Путин азыр эмне кылаарды өзү билбей калган сыяктуу: "Мындай күтүүсүз чечим кабыл алууну - улуу акылмандык же саясий көрөгөчтүктүн белгиси деп атоо кыйын. Ошондуктан мен жана айрым башка байкоочулар муну - андай кадам жасаган адамдын көп нерседен чочулаган жана чечкиндүү боло албаганынын жана, мүмкүн, паникада экенинин белгиси болушу мүмкүн деп шек санайбыз. Жалпылап айтканда, биз бир гана нерсени так билебиз деп айтсак болот. Бардык нерсеге Путин өзү көзөмөл кылууну каалайт. Президент бойдон калып, же президенттиктен кеткенден кийин сырттан көзөмөл кылабы - ал белгисиз. Менин оюмча, куурчак саясатчыларды сырттан башкарууга анын жөндөмү жетпей турганын Путин түшүнөт сыяктуу. Айрымдардын айтымында болсо - ал куурчактарды ойноткон чебер эмес эле, өзү куурчак", - дейт Квин-Жаж.
Конституцияны өзгөртүп, Путин үчүнчү мөөнөткө президент болуп калыш керек деген сөздөрдү Путин өзү токтотуп салган. Бирок, Квин-Жаждын айтымында, ага тыюу салганда дагы, Путин ошондой кылууга өзүнө жол калтырып жатат: "Кошоматчылык кылып, үчүнчү мөөнөткө калыңыз деген адамдарды Путин кантип токтоткон ыкмасы да өтө кызык. Менин оюмча, андай мүмкүнчүлүктү толук жок кылып салууну Путин каалабайт, ошондуктан аны - Путин жөн гана акыркы чечим кабыл ала элек деп түшүнсө болот", - дейт Квин-Жаж.