Шейх Абдул Сатар Абу Риша кандай жагдайда өтүрүлгөнү тууралуу “Анбарды куткаруу кеңешинин” мүчөсү Хамид ал- Хайес бейшемби күнү “Эркин Ирак” радиосуна телефон аркылуу берген интервьюда мындай деди:
- Ал автомобилге коюлган бомбанын жарылуусунан өлдү. Шейх Абу Риша улуттук элдешүүнү жана жатташтык согушун токтотууну жан дилинен жактап, Ирактын батышында “ал- Каидага” каршы күрөштү. Ал чөлкөмдүн руханий көсөмү эле.
Хамид ал- Хайестин билдиришинче, шейх Абу Риша “ал- Каида” жалдаган күзөтчүлөрдүн биринин жардамы менен өлтүрүлдү деп шектелүүдө.
Абу Риша башындагы суннилердин “Анбарды куткаруу кеңеши” бир нече жума мурда “ал- Каидага” каршы согуш жарыялап, аларды аймактан кууп чыгууда АКШ жана Ирак күчтөрүнө чоң колдоо көрсөткөн.
Провинциянын коопсуздук кызматынын башчысы, полковник Тарык ал-Дулайминин сөзүнө караганда, ага үйүнө бараткан жолдун боюнда отурган кейбир адамды көрүп, ага жардам берүү үчүн автокербенди токтоткон. “Ал машинесине кайра отургандан көп узабай бомба жарылды”, деп кошумчалады полициянын акими.
Анбар провинциясы 2003-жылдан тартып өткөн жылга чейин суннит эрегшичилердин уюгу жана Ирактын эң калабалуу чөлкөмү деп эсептелип, негизги бөлүгүн “ал- Каиданын” желдеттери контролдочу. Алардын зоблугунунан тажаган Абу Риша жана ал сыяктуу уруу аксакалдары “Тойдук” дешип, өкмөттүн тарабын алгандан кийин аймак согушчандардан тазаланган. Аксакалдардын эмгегин президент Буш өткөн жуманын башында Анбарда болгондо белгилеп, өлкөдө тынчтыктын орношуна аксакалдар өз салымын кошот деген тилегин айткан.
Ирактын Ички иштер министрлигинин өкүлү, генерал Абдул Карим Калафтын “Эркин Ирак” радиосуна айтышынча, шейх Абу Ришаны өлтүрүү козголоңчуларга каршы урушту алсыртапайт:
-“Анбарды куткаруу кеңеши” кан жана күрөш менен курулган. Коопсуз жагдайды орнотууда Анбардын калкынын каны төгүлдү. Шейх Абдул Сатар Абу Риша көрүнүктүү инсан эле. Терроризмге каршы күрөш инсандарга жана Ички иштер министрлиги жакында чеберчилик менен түзгөн институттарга таянды. Ырас, мурда аймакта абал өтө татаал болчу.