Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

OSCE: КАЗАКСТАН ТӨРАГАЛЫККА ДАМАА КЫЛУУДА


Ноябрдын этегинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун министрлер кеңеши кезектеги жыйынга чогулат. Башка маселелер менен катар Казакстандын уюмга төрага болуу талапкерлиги каралат. Былтыр Брюсселде министрлер кеңеши Казакстанга демократия жана адам укуктары чөйрөсүндөгү абалды жакшыртуу үчүн кошумча убакыт берүүнү чечип, бул маселеге бир жылдан соң кайрылмак болгон эле.

Венадагы уюмдун туруктуу кеңешинде сөз сүйлөгөн соң Казакстандын мамлекеттик катчысы Канат Соодабаев 2009-жылы OSCEге төрагалык кылуу милдети Астанага берилерине чоң ишенич бар экенин маалымдады. Мындай ишенимге негиз болчу жүйөөлөрдүн арасында ал өлкөдө жетишилген соңку саясий жана экономикалык мыкты көрсөткүчтөрдү атады. Атап айтканда, мамлекет башчысынын бийлик укуктары чектелди, алардын көбү парламентке берилди, президенттин жети жылдык бийлик мөөнөтү кыскартылып, беш жылга түшүрүлдү, деп билдирди мамлекеттик катчы.

Бирок Соодабаев конституциялык өзгөртүүлөр Нурсултан Назарбаевге өмүрүнүн соңуна чейин президент болуп калганга мүмкүндүк ачканын, соңку шайлоодо бир партиялуу парламент түзүлгөнүн таптакыр оозго албады.

Быйыл августтагы шайлоону OSCE жалпысынан эл аралык талаптарга ылайык келген жок деп баалаган. Мунун баары Астананын уюмга төрага болушун каалабаган өлкөлөргө кошумча аргументтерди берди. Баарыдан мурда Вашингтон OSCEге жетектөөгө Казакстан азырынча даяр эместигин айтууда. Буга Британия жана европалык бир катар өлкөлөр кошулууда.

Ошол эле учурда Астананын төрагалык дамаасына активдүү колдоо көрсөткөндөр да аз эмес. Алардын арасында Россиянын өкүлү Алексей Бородавкин, мисалы, кокус Казакстандын талапкерлиги четке кагылса, мунун өзү уюмдун түпкүлүктүү принциптерин бузуу болорун эскертти. Москванын позициясын экс-советтик республикалардын дээрлик баары кубатташууда.

Бородавкиндин сөзүн коштоп, Соодабаев да уюмга кирген 56 өлкөнүн баары уставга ылайык теңбирдей укукка ээ экенин, OSCEнин мүчөлөрүн жогорку же биринчи класстагы, болбосо экинчи же үчүнчү даражадагы өлкөлөр деп бөлгөнгө болбой турганын баса белгилеп өттү.

Айрым байкоочулар ноябрдагы жыйында OSCEнин министрлер кеңеши 2009-жылы уюмга төрагалык кылуу укугун Казакстанга ыйгарышы да ыктымал дешет. Бул ойго “Азаттыктын” эксперти Мирхат Шарипжан да кошулат.

XS
SM
MD
LG