- Өмүрбек мырза, президент Курманбек Бакиев кечээ Чүйдөгү иш сапары учурунда кайсы бир партияны башкарууга укугу жоктугун бирок жоопкерчиликтүү, аракетке жөндөмдүү жана мамлекеттин саясатын жүргүзө турган партияны колдой алаарын айтты. Муну президент буга чейин жарыялаган өз партиясын түзүү ниетинен баш тартуу катары түшүнсөк болобу?
-
Президенттин технологдору аны туура эмес жолго салып, «Нуротанды» туурап, “Куротан” деген партия түзө салыңыз дегендей идеяны айткан. Ал туура эмес экендигин коомчулуктун талкуусу көргөздү. Бир нече күн өткөндөн кийин президент өз партиямды түзүп, аны башчылыкка алам деген оюнан эл алдында кечээ баш тартты.
- Президент өз партиясын түзбөсө, кайсы партияны колдошу мүмкүн?
- Административдик ресурс балким бир нече партияны колдошу мүмкүн. Анткени президенттин тарапкерлери азырынча бир нече партияда турат. Администрация жетекчиси “Менин өлкөм” партиясын колдосо, мурунку администрация жетекчиси Үсөн Сыдыков жана вице-премьер Нур уулу Досболдун “Жаңы Кыргызстан” деген партиясы бар. Алардан кем эмес президентти колдоп жүргөн Топчубек Тургуналиевдин “Эркиндик” деген партиясы бар. Ал эми президенттин инилери, Жаныш Бакиев менен раматылык Жусуп Бакиев түзгөн “Эмгек жана биримдик” партиясы да турат. Булардын эч кимисин капа кылбай жан тартышы кыйын болот. Ошондуктан президент өтө татаал маселенин алдында турат.
- Алдыдагы референдум калыс өтөөрүнө ишенесизби?
- Референдум калыс өтпөйт. Референдум мыйзамдуу өтүш үчүн жалпы тизмедеги 2 миллион 600 миң адамдын жарымынан көбү катышыш керек жана 2 миллин 600 миң адамдын көбү макул деп айтыш керек. Ал эми бизге тажрыйба көргөзгөндөй 50 пайыз адам референдумга келбейт. Анткени, кээ бир региондордо, мисалы Баткенде эмгекке жарамдуу калктын көбү сыртта жүрөт. Башка региондордо жүрүшөт. Ал эми референдумга кызыкпагандар андан да көп. Ошондуктан мен референдумду фальсификациясыз өтөөрүнө ишенбейм. Экинчиден, Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам чегинде иштегендин ордуна президентке жүгүнүп, анын кызматын кылганга ачык эле аракет кылгандыгы байкалат. Мисалы, референдум боюнча мыйзам боюнча ага отуз күн мурун участкалык шайлоо комиссиялары түзүлүп, орундары аныкталып, ал жарыяланышы керек эле. Ал эми БШК өзүнүн чечими менен аны жыйырма күнгө кыскартып отурат. Бул деген сөз президент мөөнөтүн туура эмес койгон. Мыйзамга каршы койгон, президенттин юристтери ушул мыйзамдарды тоготпой, көргөн эмес. Ошондуктан ушундай мыйзамга каршы болуп жатат. Ал эми референдум мыйзам түрүндө өткөндө гана ал мыйзамдуу болот. Анын жыйынтыгын эл мойнуна алышы мүмкүн. Эми ошону президентке айткандын ордуна тилекке каршы Борбордук шайлоо комиссиясы жүгүнүп, капа болуп калбасын деп мыйзамды ошого тууралап, чечимдерин чыгарып отурат. Мен ойлойм эгер Борбордук шайлоо комиссиясынын мындай позициясы, “Хоп майли” деген позиция жакшылыкка алып келбейт.
- Азыр Жогорку Кеңештин кийинки тагдыры тууралуу ар кандай сөздөр айтылууда. Парламенттин референдумдан кийинки тагдыры кандай болот?
- Идея боюнча жаңы шайлоо системасы боюнча шайлоолор болуш керек. “Ата мекен” социалисттик партиясы да ал шайлоолорго даярдык көрүп жатат. Негизинен кайра шайлоо болуш керек. Бирок, президенттин юристтери баш аламан ката кетирип, парламент сөзсүз тарайбы же тарабай калабы деген маселе чечилбей калган. Бул ар кандай кызыл кулактык, саясий соодалашуулардын предмети болуп калышы мүмкүн.
- Айрым талдоочулар референдумдан кийин саясий абал курчуп кетиши мүмкүндүгүн болжоп жатышат. Ошондой жагдай түзүлүшү мүмкүнбү?
- Кыргыздарда чатак шайлоодон жана тойдон чыгат эмеспи. Ошондуктан баа көтөрүлүп, социалдык-экономикалык абал курчуп турганда шайлоону өткөрүп, болгондо да адилетсиздик менен өткөрүп, басым, кысым жолдору менен өткөрүлө турган болсо, албетте, саясий кырдаал курчуп кетиши мүмкүн.
- Рахмат маегиңизге!