Конституциялык сот депутаттар Кабай Карабаеков менен Мелис Эшимкановдун арыздарын канааттандырып, 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларындагы конституцияларын четке какканы Жогорку Кеңеш менен Конституциялык соттун ортосундагы тирешүү күчөдү. Жогорку Кеңеш да өз кезегинде Конституциялык сотко карата каршы чечимдерди чыгарып, аны баа берүү катары жасалган саясий чечим деп түшүндүрүштү. Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова да президентке эки жолу чара көрүүсүн өтүнүп кат жолдоп да жиберди. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында, система түп тамырынан өзгөрмөйүн мындай карама-каршылыкар боло берет:
- Мындай конфликт ай сайынбы же жума сайынбы түзүлө берет. Кеп парламенттин курамында эмес, кеп Конституциялык соттун курамында эмес. Система ошондой түзүлгөн да. Эми биз жаңы конституцияны кабыл алабыз деп атабыз. Ал ошол системаны ого бетер татаалдатат.
Жогорку Кеңештин Конституциялык сотко карата чыгарган чечимдерин ал мындайча түшүндүрдү:
- Парламенттин кабыл алып аткан чечимдери баа берүү гана. Анын чоң юридикалык же укуктук күчү жок. Парламенттин саясий, жөн гана реакциясы деп ойлойм.
Ошондой эле депутат референдум бүткөн соң чукул парламенттик шайлоонун өткөрүлүшүн колдобой турганын билдирди. Анткени, азык-түлүктүн баасы кымбаттап, эл кыйналып турганда шайлоо оюндарын ойноп, каражатты бошко чача берүү кайрадан элдик толкундоолорду жаратмакчы. “Андыктан, ушул парламент референдумдан кийин да 2010-жылга чейин калышы керек”,- дейт депутат:
- Эң жакшы жолу консенсус жолу менен парламент аркылуу өткөрүп, анан элге ошону “макулсуңбу” деп референдумга коюп бекиткенден кийин, 2010-жылга чейин парламент да, президент да, өкмөт да экономикага гана иштеп, анан гана шайлоого барса мамлекетке пайдалуу болмок.
Ал эми Конституциялык соттун өкүлдөрү коллегиялуу орган болгондуктан өз алдынча каршы пикирин айтуудан сактанып турушат. Анткени ага иштөө эрежеси жол бербейт. “Канча сындашса да биз Жогорку Кеңеш менен кайым айтышып отура албайбыз”,- дейт Конституциялык соттун судясы Жумакадыр Тогойбаев:
- Албетте бизге жанагыдай сындарды угуш кыйыныраак. Бирок, биз аларга теңелген жерибиз жок. Өзүлөрү эле күндөн-күнгө күчөп атат да.
Саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, Конституциялык соттун былтыркы эки айдын ичинде кабыл алынган конституцияларга карата чыгарган чечимдери негизинен туура болгон. Ошондой эле эки жактын тиреши абалдын оор экендигин көрсөтүп турат, андыктан президент аны таркатып жиберсе да болот:
- Конституциялык соттун чечими туура. Анткени Конституциялык сот болобу же жөнөкөй эле сот болобу булар мыйзамга гана баш ийет. Чечими өлкөнүн бүткүл атуулдарына жана органдарына тиешелүү жана аткарууга милдеттүү. Ал эми парламенттин комиссия түзүп алып, мырза Бекназаров менен кылган иштери бул мыйзамсыз. Анткени өзүм билемдик деген сезим болуп атат. Эрегиштин жолу ачылып калды. Муну токтотуш үчүн президент парламентти таратып жибергенге укугу бар.