Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

ОППОЗИЦИЯДАГЫ ПАРТИЯЛАР ОРМОН-ОПУЗАНЫ ТОКТОТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек «Ата мекен» партиясы президенттен шайлоонун мыйзамдуулугун жана айкындуулугун камсыздап берүүнү талап кылды. Мындай талапты партия президент Курманбек Бакиевдин дарегине жолдогон катында койгон. Оппозициялык күчтөргө катуу басым жасалып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр менен «Асаба», СДП партиялары да чыгып жатышат. Президенттик администрация болсо үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөргө көз карашын билдире элек.

“Ата мекен» саясий партиясынын төрага орун басары Болот Шерниязовдун атынан президент Курманбек Бакиевге жолдонгон катта үгүт маалындагы коркутуп-үркүтүүлөргө, кысымдарга, басмырлоолорго байланышкан бир топ фактылар келтирилген. Эң акыркы маалыматка караганда 5-декабрда Куршабда партиянын жергиликтүү беш мүчөсүн сабап, таш бараңга алышкан.

Кадамжайда 20 чукул жаш адам «Ата мекендин» демилгечилерин кууп чыгышса, Үч коргон айылында аким Абас Мадазимов жана анын тарапкерлери партия штабын жаптырып, ал жердегилерди «кара тизмеге» киргизилерин эскертишкен, Кызылкыяда партиянын такталарын талкалап, туусун тытып кетишкен. Жалалабадда «Сентябрь» телеканалына ар тараптуу кысым жасалууда. Учурда электр жарыгын өчүрүп коюшту. Мындай иштерге Коопсуздук кызматы, прокуратура, сот кызматкерлери активдүү катышууда деп айтылат катта. Партиянын дагы бир лидери Өмүрбек Абдырахманов Токтогул аймагындагы кырдаал тууралуу буларга токтолду:

- Токтогул районунун КГБсынын (МКК) орун басары дагы ишине чейин барып кетиргиле деп коркутуп атыптыр. Ошону айтып коелу дедик эле. Анан Каракүңгөй деген айыл өкмөтү бар экен, башчысы Токтогазиева Атыр дейт, ал дагы биз «Ата мекенди» киргизбейбиз, ушундай буйрук келди деп коркутуп атыптыр. Штабыбызда иштегендери эгер жашагыңар келсе бужерде, кеткиле деп туруп, штабды жаптырып таштаптыр.

Саясатчынын айтымында, кырдаал минтип жүрүп отурса, нааразы тарап аргасыз кадамдарга барышы мүмкүн. Ушул өңдүү билдирүүлөрдү төгүндөгөн бийлик өкүлдөрүнүн бири Баткен облустук администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлумунүн башчысы Таштемир Эшалиев болду:

- Жок, укук коргоо органдарын мен тейлеймин бул жерде. Андай команда дагы болгон жок, ал болбогон нерсе. Бийлик менен партиялардын ортосунда андай эч нерсе жок. Үгүт иштери ээн-эркин жүрүп жатат.

Президент Курманбек Бакиев негиздеген «Ак жол» партиясынын жооптуу катчысы Жангороз Каниметов болсо «биз административдик ресурстун жанагындай тескери көмөгүнө муктаж эмеспиз» деп билдирди «Азаттыкка» берген интервьюсунда.

Анткен менен, автоунаалар менен үн күчөткүчтөр аркылуу жүргүзүлгөн үгүт иштерине Ички иштер министрлигинин тыюу салышын «Ата мекен» шайлоочулардын жана бийликке ыңгайсыз партиялардын укуктарын өжөрлүк менен чектөөнүн дагы бир далили катары белгиледи. Өткөн аптада берген маалымат жыйынында министрдин орун басары Темиркан Субанов «Эгер келишим, макулдашуу болбосо, үн күчөткүчтөрдү алыр салуу боюнча эң катаал чаралар көрүлөт» деп билдирген болчу. Мындай тыюу салуу мыйзамда көрсөтүлбөгөндүгүн партия жетекчиси Өмүрбек Текебаев ИИМ Болот Ногойбаевге жолдогон катында билдирди. Кат жолдоого бир катар аймактарда партия колдонгон бул ыкмага тыюу салуулар түрткү болгон.

Белгисиз адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр, сабоолор болуп жаткандыгын СДП, «Асаба» партиялары да билдиришүүдө. Бир күн мурда «Асаба» партиясы административдик кысымдарга нааразылык билдирүү иретинде шайлоого баруудан баш тартууга партияларды чакырды.

XS
SM
MD
LG