Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:56

ООГАНСТАНДА АБАЛ ООРЛОДУ


АКШдагы көз карандысыз аналитикалык борборлордун бири Ооганстан жаңы коркунучка туш болгонун эскертти. Эксперттер АКШны, НАТОлук өлкөлөрдү өздөрүнүн аскери жана экономикалык стратегиясын өзгөртүүгө чакырышты. Докладда баяндалган сунуштарга Пентагондун башчысы да кошулду.

Докладды Вашингтондогу президенттик изилдөөлөр борбору жарыялады. Анын Ооганстанга арналган бөлүгүн оставкадагы генерал Жеймс Жонс менен АКШнын Улуттар Уюмундагы мурдагы элчиси Томас Пикеринг даярдашкан.

Докладда Ооганстанда соңку жети жыл ичинде жасалган иштердин натыйжалары чоң коркунучка туш болгону, өлкөдө куралдуу козголоң кайрадан күч ала баштаганы айтылат. Кокус козголоңдор массалык масштабга өтүп кетсе, Ооганстан тез эле эски тейине түшөт, өлкөнү өз бөгүн өзү бөктөй алган мамлекетке айлантуу планы толугу менен ойрон болушу мүмкүн, деп көрсөтүлөт документте.

Эксперттер тобу эл аралык коомчулук аскери жана экономикалык жактан оогандыктарга жетиштүү жардам көрсөтпөй жатканын белгилешкен. Ошондон улам жакынкы беш жыл үчүн бирдиктүү коопсуздук стратегиясын иштеп чыгууну, анын аткарылышына баш-көз болуу үчүн АКШга өзүнүн атайын өкүлүн дайындоону сунуш кылышкан. НАТОлук өлкөлөрдү докладдын авторлору ооган жериндеги аскери контингенттин санын көбөйтүүгө чакырышкан.

Бул сунуштарды, айрыкча коопсуздук күчтөрүн чыңдоо идеясын Пентагондун башчысы Роберт Гейтс толук колдоду. НАТОнун мүчөлөрү былтыр декабрда Ооганстанга кошумча алты миңдей контингент жөнөтүүгө, жаңы күчтөрдү Пакистанга жуук райондорго жайгаштырганга убада беришкен эле. Бирок бир катар өлкөлөр, өзгөчө Германия менен Франция мындан баш тартып жатышат. Берлин менен Париж болгону ушу тушта ооган жеринде кызмат өтөп жаткан аскерлердин мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу менен гана чектелишти.

Немец парламентинде бул чечим колдоо тапкан соң өлкөнүн коргоо министри Франц Йозеф Юнг шейшемби күнү күтүлбөгөн визит менен Кабулга келди. Анын сапарын кубаттап, ооган министри Абдул Рахим Вардак өлкөнү туруктуу абалга салуунун эң алгылыктуу жолу деп жергиликтүү элге ички-тышкы коркунучтардын мизин өзү майтара алгыдай шарт түзүүнү атады жана бу жагынан Германия өңдүү жакшы кызматташ өлкөлөр жардам көрсөтөрүнө ишенич билдирди.

Байкоочулар немец министри бундесвердин Ооганстандагы озуйпа-ордун өзгөртүү максатында Кабулга атайын “чалгындоо” сапары менен келгенин айтышты. Пентагон жакындан бери Берлинди ооган миссиясында өз салымын көбөйтүүгө чакырып, кысым жасай баштады. Мындан эки апта мурда Роберт Гейтс түштүк Ооганстандагы НАТОлук контингенттердин айрым бөлүктөрү козголоңчуларга каршы күрөштө иштин көзүн көрө албай жатканын айтып, альянстын баш катчысы Яаап де Хооп Схеффердин кычыгына тийип алган эле.

XS
SM
MD
LG