Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, быйыл апрель-июнь айларында курагы 18ге жеткен алтымыш миң жигит кызмат өтөөгө чакырылат. Дагы 17 миң улан альтернативдик кызмат өтөмөкчү. Ушул тапта жалпысынан 190 миң жигит аскердик каттоодо турат. Кечээ коргоо министри Исмаил Исаков аскерде кызмат өтөөгө убактысы келген он беш жигиттин бири гана аскерге барат деп билдирген. (JTo)