Карнеги борборунун эксперти Маша Липман президент Медведевдин Батышка эмес, Чыгышка баратканы Москвага кайсы тарап көбүрөөк маанилүү экенин көрсөтүп турат деп эсептейт. Ошол эле учурда бул Батышка кыр салган кыяпат да эмес. Азыркы өкмөт, Липмандын айтымында, Россиянын аброюн Чыгышта бекемдегиси келет, Москваны бул жакта баарыдан мурда инвестициялык шарт-жагдай кызыктырат.
Лондондогу Согуш жана тынчтык кабарлар институнун улук редактору Жон Маклеод казак президенти Нурсултан Назарбаев качан болсун өзүнүн түндүктөгү чоң коңшусу менен жакын-жуук болгонго умтулуп келатканын белгилейт. “Ал Елцин менен мамыр-жумур эле, Путин менен да ушундай мамилесин улантты. Эми Медведев, дегеле орустардын кайсы лидери болбосун ийиндешип иштеше аларында шек жок”, - дейт Маклеод.
Казакстандын азыр Москва менен гана эмес, Батыш менен да мамилеси дурус. “Казак жетекчилери буга өтө кайыл болуу керек, - дейт Липман. - Бул өлкөдө демократия, адам укуктарынын абалы бир топ мечөөлөп кеткенине карабай Батыш көп иштерге көз жумуп салды. Экс-советтик башка республикаларга салыштырганда баарынын Казакстанга медили жакшы. Болгону бул жерде Батыш менен Россиянын энергетика чөйрөсүндөгү гана атаандаштыгы бар”.
Казак парламентинин мүчөсү Камал Бурканов болсо президент Медведев биринчи визитин Астанадан баштоону чечип, муну менен Россиянын геосаясий багыты кайсы тарапта экенин көрсөттү деп эсептейт. Медведевдин Казакстанга келип жатканын Камалов өтө жышааналуу окуяларга кошту.
Астанадан ары Медведев Кытайга барат. Эки тараптуу көп маселелер, алардын ичинде энергетика тармагындагы долбоорлор талкууланат. Россия Ыраакы Чыгыштан Кытайга кара май гана газ куурларын тартып өтүүнү сунуш кылган. Долбоор жалпысынан жактырылган, бирок азырынча келишим түзүлө элек.
Кытайдан кайткан соң орус президенти эмдиги аптада Германияга келет жана канцлер Ангела Меркел менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Маша Липмандын айтымында, Берлинге Медведевдин Чыгыштагы сапарынан соң келип жатканы жалпы Батыш, анын ичинде Евросоюз менен алакаларга көп деле салака келтирбейт. Москва эки тарап менен тең бирдей өлчөмдө кызматташканга кызыкдар, дейт Липман.